Штаб КР по COVID-19
7.85K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Боор оорулары менен ооругандар COVIDге каршы эмдөөдөн өтсө болобу?

Суроого гастроэнтеролог МАМИРАИМ ЖУМАБАЕВ жооп берет.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынын кесепеттеринен коргоңуз! Эмдөөдөн өтүңүз!

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
#вакцинасактайт
#ВакциныЗащищают
#стелсомикрон
#сакта
#эмдөө
#вакцина2022
#эмдөө2022
#вакцина
#вакцинаөлүмдөнсактайт
Москвада эпидемиологиялык абалдын жакшырышына байланыштуу бейтапканалардагы коронавируска бекер ПЧР-тестирлөө пункттары жабылды

Москванын Саламаттыкты сактоо департаменти:
«ПЧР-тесттин анчалык кеңири муктаждыктын жоктугунан жана москвалыктар арасында мындай кызматка суроо-талаптын төмөндөшүнөн улам бул пункттарды жабуу чечими кабыл алынды. Бул бейтапканаларга пландык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө, ал эми ПЧРге тартылган кызматкерлерге кайрадан бейтаптарды кабыл алууга кайтууга мүмкүндүк берди»

Коронавирустун белгилери бар адамдар үчүн бейтапканаларда ПЧР-тесттен өтүү акысыз бойдон калат. Инфекциянын белгилери жок адамдар да клиникада COVID-19га текшериле алышат, бирок алар бул кызмат үчүн акы төлөшөт, деп кошумчалашты.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
❗️Вакцинация обязательна людям с воспалительными заболеваниями кишечника и печени:

▫️Эти пациенты находятся в группе риска

▫️Иммунизация позволит избежать коронавирус или легче его перенести

▫️Снижается риск госпитализации в отделение интенсивной терапии, соответсвенно будет меньше летальных исходов

Можно ли вакцинироваться от COVID-19 при проблемах с ЖКТ и печени?

Развёрнутый ответ в видео от гастроэнтеролога Мамираима Жумабаева🔺

🇰🇬COVID-19: Республиканский штаб

#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#сакта
#вакцинация
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
❗️Ичеги-карын жана боор ооруларынан жабыркаган адамдар сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүшү керек


▫️Бул адамдар тобокел топторго киришет

▫️Иммундоо коронавирусту жуктурбоого же анын жеңил өтүүсүнө шарт түзөт


▫️Оорукаканын интенсивдүү терапия бөлүмүнө жатып калуу коркунучун төмөндөтөт, демек адам өлүмүнө алып келген учурлар азаят


Ичеги-карын, ашказан жана боор оорулары бар адамдар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтсө болобу?


Гастроэнтеролог Мамираим Жумабаевдин кеңири жообу видеодо🔺

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#сакта
#вакцинация
🔴 COVID-19 кесепеттери

🔻 Тилекке каршы, жаңы коронавирус азырынча толук изилдене элек олуттуу кесепеттерге алып келүүдө. "Ковидден кийинки синдром" бир катар жагымсыз белгилерди камтыйт. Алардын айрымдары кыска мөөнөттүү болуп, айыккан соң бир нече жумадан кийин өтүп кетет, башкалары узак убакытка чейин сакталып калат.

🟥 КОВИДДЕН КИЙИНКИ СИНДРОМДУН ПАЙДА БОЛУШУНУН НЕГИЗГИ СЕБЕПТЕРИ

Коронавирус менен ооруган адам толук айыккан катары эсептелбейт. Калып калган белгилер организмдин алсыз, дыкат көңүл бурууну жана калыбына келтирүүчү чараларды талап кылган жерлерин көрсөтөт.

▶️Вирус нейротоксиндүү болуп чыкты: кыймыл жана сезүү функцияларын бузуп, тактилдик жана оору сезгичтигине таасир этет. Жашоо үчүн маанилүү системалардын (дем алуу, кан айлануу, тамак сиңирүү) жөнгө салуу механизмдеринин бузулушу адамдын саламаттыгынын олуттуу начарлашына алып келет. Ковид менен ооруган адамдын өнөкөт оорулары бар болсо, ал тургай ремиссия абалында болсо, вирус алардын көпчүлүгүнүн өтүшүн оорлоштуруп жиберет.

❗️ Эгерде коронавирустан айыккандан кийин бир-эки ай өткөн соң дем алуу же алсыздык түрүндөгү жагымсыз белгилер сакталып калса, өпкөнүн иштешин текшерип (пульсоксиметрия, спирометрия), дарыгерге кайрылуу керек.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынын оор кесепеттеринен сактап эмдөөдөн өтүңүздөр!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#сакта
#вакцина2022
#ковид
#ковиддинкесепеттери
После получения вакцины от коронавируса нет необходимости проводить ПЦР анализ.

Об этом сообщили в Департаменте профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора.

Если человек вакцинирован и после заболел ОРВИ или гриппом, то ПЦР-исследование проводится по назначению врача.

«В каких случаях ещё проводится ПЦР-тест? Те, которые уезжают за рубеж, могут сдавать ПЦР», - сказали в департаменте.

🇰🇬COVID-19: Республиканский штаб

#ВакциныЗащищают
#ВакциныРаботают
#сакта
#защити
Коронавируска каршы эмдөөдөн кийин ПЧР-тест тапшыруунун зарылдыгы жок.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Эгерде адам эмдөөдөн өткөн болсо жана андан кийин курч респиратордук жугуштуу ооруга же сасык тумоого чалдыгып калса, анда ПЧР-тестирлөө дарыгердин багыттамасы боюнча болот.

«ПЧР-тест дагы кандай учурларда тапшырылат? Чет мамлекеттерге чыгып жаткандар ПЧР-тест тапшыра алышат», - дешти департаменттен.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ВакциныЗащищают
#ВакциныРаботают
#ЭмдөөСактайт
#сакта
#защити
❗️25-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 128 учуру катталды


Бул тууралуу КР ССМнын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Алардын ичинде:

95 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан, калгандары илдетке чалдыккандар менен байланышкандар, айрымдары башка өлкөгө учуу алдында ПЧР-тест тапшырууда аныкталгандар.


Аныкталган учурлардын 90% (116 адам) амбулатордук дарыланууда, анткени оору жеңил өтүүдө жана бул бейтаптардын абалын Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери көзөмөлдөшүүдө.

Бардык катталган учурлардын 80% Бишкек шаарында, 11% - Чүй облусунда.


Калган туруксуз учурлар облустарда орун алган.

🟡Аймактар боюнча эпидемиологиялык тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык Бишкек шаары сары, калган облустар жашыл зонада турат.

Эпидемиологиялык абалды баалоого ылайык COVID-19дун катталган учурларынын өсүшү июнь айынын аягынан тарта байкалууда.


Жөнөкөй эрежелерди сактоону улантуу зарыл:

колдун гигиенасы,
соода түйүндөрүнө, базарларга, парктарга барганда беткап тагынуу.


Ал эми оорунун белгилери пайда болгон учурда ишке чыкпоо, беткап тагынуу, жөтөлүү этикетин сактоо жана оорунун күчөп кетишине жол бербөө үчүн милдеттүү түрдө дарыгерге кайрылуу керек.

Эгерде эмдөөдөн өтө элек болсоңуздар вакцина сайдыруу зарыл. Эмдөө ооруну жеңил жана татаалдашуусуз жеңил формада өткөрүүгө жардам берет.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз, жогорудагы жөнөкөй эрежелерди карманыңыздар.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
❗️Апта ичинде, 18-24 июлда, Кыргызстанда COVID-19дун 981 учуру аныкталган

Бул тууралуу КР ССМнын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

910 адам - амбулатордук дарыланууда, ооруканада жаткандар- 71.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 202 685 учуру катталган, 100 миң калкка оорунун 3061,5 учуру туура келет.

2022-жылдын 6 ай 24 күнүндө COVID-19дун бардыгы болуп 17 937 учуру катталган, 15 943 (88,8%) учур лабораториялык жана 1994ү (11,2%) клиникалык-эпидемиологиялык түрдө (белгилерин жана ооруга чалдыккандар менен байланышын эске алганда) аныкталган.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
😷COVID-19: Медицина кызматкерлери мектептерде беткап режимин улантууну сунуштайт.

❗️Жаңы окуу жылы мектептерде санитардык-гигиеналык эрежелер толугу менен сакталышы керек. Бул боюнча КР ССМ оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча адиси Мария Кушубакова билдирди.
Анын айтымында, мектеп босоголоруна санитайзерлерди орнотуу, социалдык аралыкты сактоо, ажатканаларды тазалык каражаттары менен камсыздоо керек.

Ошондой эле окуучулардын жанында антисептик же нымдуу сүлгү болушу шарт.
“Азыркы учурда Кыргызстанда беткап режими жокко чыгарылган. Бирок күз-кыш айлары COVID-19, сасык тумоо сыяктуу жугуштуу оорулар баш көтөрөт. Мындан улам мектептерде беткап режимин сактоону сунуш кылабыз.
Аны менен бирге класстарды, коридорлорду 10-15 мүнөт желдетип туруу кажет. Ата-энелер менен мугалимдер кичинекей балдарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого үндөшү керек”, - дейт Кушубакова.

15-22 август аралыгында COVID-19 оорусунун 339 учуру катталган. Анын 5,2% 6 жашка чейинки балдарга, 10,5% 7-12 жашка чейинки балдарга туура келээрин Кушубакова кошумчалады.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
Во время орозо можно ли получить вакцину?

Люди, которые держат пост орозо могут быть вакцинированы. Так как прививка не нарушает пост. Об этом сообщили в Духовном управлении мусульман Кыргызстана (ДУМК).

****

Орозо кармаган жарандарга эмдөөдөн өтүүгө болобу?

Рамазан айын
да ооз бекиткен адамдар эмдөөдөн өтө алышат. Себеби эмдөөдөн орозо бузулбайт жана ооз ачылып калбайт. Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Орозоңуздар кабыл болсун!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#коронавирус
#ковид
#сакта
#эмдөө2023
#вакцина2023
❗️Вакцинация не нарушает пост

Люди, которые держат пост орозо могут быть вакцинированы. Так как прививка не нарушает пост. Об этом сообщил отдел фатв Духовного управления мусульман Кыргызстана (ДУМК).

🦠Согласно их сообщению, если у человека тяжелая форма коронавирусной инфекции, то ему разрешается не держать пост.

💊Можно прервать пост если человеку необходимо время от времени принимать лекарства в течение дня. Пост можно держать или продолжить, как только больной полностью выздоровеет.

🔄Также в ДУМК отметили, что в любом состоянии человек должен проконсультироваться у своего лечащего врача.

🇰🇬COVID-19: Республиканский штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#коронавирус
#сакта
#защити
#эмдөө
#вакцина2023
❗️Эмдөөдөн орозо бузулбайт

Орозо кармаган жарандарга эмдөөдөн өтүүгө болот. Себеби, эмдөөдөн орозо бузулбайт жана ооз ачылып калбайт. Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмү билдирди.

🦠Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын өтө оор формасына чалдыгып, орозо кармаганга дарамети жетпесе, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат берилет. 

💊 Эгерде күндүзгү убакта адамга маал-маалы менен дары-дармек ичиши зарыл болсо, орозону токтото турууга мүмкүн. Бейтап оорудан толук айыккандан кийин орозону кармашы керек.

🔄Ошондой эле Дин башкармалыгы адам кандай гана абалда болбосун, сөзсүз дарылап жаткан дарыгери менен кеңешүүсү зарыл экенин белгиледи.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#коронавирус
#сакта
#эмдөө
#вакцина2023