Штаб КР по COVID-19
59K members
3.45K photos
759 videos
38 files
1.71K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
to view and join the conversation
🏥 Таластагы оорукананын капремонту

Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо иштерине республикалык бюджеттен жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү” коомдук фонддун эсебинен 42 млн 500 миң сом каржыланды.

Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айылындагы 160 орунга ылайыкташкан Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо  иштери 2019-жылдын август айында башталган.

Объектте жылытуу тармагы толугу менен алмаштырылды, электртутамдары кайрадан жасалып чыкты, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрү ,  имараттын чатырын оңдоо жумуштары,  эшик-терезелер алматырылды, ички тосмолор орнотулуп  бүттү.

Учурда ички жасалгалоо жана фасадды сырдоо жумуштары жүргүзүлүүдө .

Объектти толук кандуу суу менен камсыздоо максатында скважина казылып, сырткы суу түтүк тармактарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта
🏥 Капремонт больницы в Таласе

На капитальный  ремонт Таласского районного центра семейной медицины профинансировано 42 млн 500 тыс. сомов из средств республиканского бюджета и из Фонда социального партнерства по развитию регионов.

Капитальный ремонт Таласского районного центра семейной медицины в селе Кок-Ой Таласского района на 160 койко-мест были начаты в августе 2019 года.

Так, проведен ремонт системы отопления и электромонтажные работы, монтаж водопроводных и канализационных труб,  завершена стяжка полов, установка  новых оконных  и дверных блоков и замена кровли.

В данное время  проводятся работы по внутренней отделке и фасада.

Для полноценного обеспечения объекта водой проводено бурение скважины и ведется работа по устройству наружной сети водопровода.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
covid.kg #сакта
25.09.2020
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

📍 Бишкек – 51
📍 Ош шаары – 5
📍 Чүй облусу – 12
📍 Ош облусу – 23
📍 Талас облусу – 6
📍 Нарын облусу – 1
📍 Ысык-Көл облусу – 22
📍 Жалал-Абад облусу – 10
📍 Баткен облусу – 12

🔻 Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 142

🔻 Жалпы: 42 147

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg#сакта
25.09.2020
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар

⚡️Бишкек - 18
⚡️Ош – 22
⚡️Чүй облусу – 5
⚡️Ош облусу - 50
⚡️Талас облусу - 7
⚡️Нарын облусу – 3
⚡️Ысык-Көл облусу – 7
⚡️Жалал-Абад облусу – 22
⚡️Баткен облусу - 41

🔺Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 175

🔺Жалпы: 45 932

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта
25.09.2020
🏥 стационарда дарыланууда – 643 бейтап,
🏡 амбулатордук дарыланууда – 1641 бейтап.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
--------------------------
25.09.2020
🏥 на стационарном лечении – 643 пациента,
🏡 на амбулаторном лечении – 1641 пациент.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
covid.kg
#сакта #защити
📍 Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
🧑‍⚕️Бишкек ш. – 4
🧑‍⚕️Ош облусунда – 2
🧑‍⚕️Ош ш. – 1
🧑‍⚕️Жалал-Абад облусунда – 2
🧑‍⚕️Баткен облусунда – 4

Ал эми бир суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан
республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3227 учур катталды, алардын ичинен 2918 медкызматкер айыгып чыкты.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Сезимдерди жашырбаңыз. Адам бирөөгө айткысы келген сезимдерин, жакшы сөздөрүн тартынбай айтып алышы керек. Айтылбай калган ой, сөз кайра ичиңизге түшүп, ооруларды козгошу мүмкүн

➡️ Бул видеону бөлүшүңүз

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта #КөпЖаша
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Өзүңүздүн, жакындарыңыздын жашоосуна кам көрүңүз. Сапаттуу өмүр сүрүүгө аракет кылыңыз

➡️ Бул видеону бөлүшүңүз

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта #КөпЖаша
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ар бир ооруну ар башка дарыгер карагандай эле, жан дүйнөсү ооруп турган адам психологго кайрылышы керек

➡️ Бул видеону бөлүшүңүз

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта #КөпЖаша
❗️Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүп жаткан медиктердин массалык түрдө укугу бузулгандыгы тууралуу Amnesty International уюмунун докладында жарыяланган маалымат жөнүндө КР Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүнү билдирет

➡️ Ушул жылдын аянварь айында Кытай Эл Республикасында, андан кийин башка өлкөлөрдө жаңы коронавирустук инфекциянын жайылышы тууралуу маалымат чыккандан баштап, КР Саламаттык сактоо министрлиги инфекцияга каршы даярдык көрүп, коронавирус маселеси боюнча Республикалык оперативдик штаб түзүлүп, керектүү ресурстарды эсептеп чыгуу боюнча иш-чаралар башталган.

🔴 Дүйнөлүк рынокто жеке коргонуу каражаттары (ЖКК) жетишсиз болуп жана эпидемия күч алган мамлекеттер тез убакыттын ичинде бардык ЖККны сатып алышкандыгына байланыштуу, башында жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги болгон. Мындан улам, коронавирус инфекциясы көп мамлекеттерде тарап жаткандыктан, дүйнө жүзүндө жеке коргонуу каражаттарына керектөөлөрдү камсыздоо үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ЖКК өндүрүүчүлөрүн санын көбөйтүүгө чакырган.

⭕️ Жакын аранын ичинде, ЖКК менен камсыздоо бардык мамлекеттерде жетиштүү болуп, Кыргызстан дагы COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерин толук кандуу камсыздоого жетише алды. Бардык сатылып алынган жана гуманитардык жардам катары тапшырылган ЖКК, дароо республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилип жатты. Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуу каражаттарын рационалдык жана туура колдонуу боюнча окутуулар дайыма жүрүп жатат. Окутуулар жерине барып жана Кыргыз мамлекеттик медициналык кадрларды кайра даярдоо институтунун базасында онлайн өткөрүлдү.
Эпидемиологиялык процесстин бир көрсөткүчү катары медициналык кызматкерлердин арасында оорунун катталган учурлары жана каза болгондордун расмий статистикалык маалыматы ачык жана транспаренттик принциптер менен жарыяланып турат.

🔷 Эпидемия башталган учурда эле, КР Өкмөтү тарабынан COVID-19 менен күрөшүп жаткан медициналык кызматкерлерге, ошондой эле жумуш учурунда COVID-19 вирусун жуктурган жана каза болгон учурларда финансылык жаткан стимул берүү боюнча чечим кабыл алынган. Вирус жуктурган же каза болгон учурда компенсациялык төлөмдөр бардык шарттарды карап чыгуудан кийин берилет.

Медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр өз убагында төлөнүп жатат, бардык төлөмдөр саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан берилген табелге ылайык төлөнөт. Андан сырткары, эпидемиялык процесс турукташкан учурда, медициналык кызматкерлер үчүн Ысык-Көлдө реабилитациялык иш-чара уюштурулган, азыркы тапта 2500дөн ашык республиканын медиктери эс алып келишти.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта
😷 В Иссык-Кульской области усилен масочный режим

Сегодня, 25 сентября, на заседании областного оперативного штаба полномочный представитель Правительства КР в Иссык-Кульской области Балбак Тулобаев поручил усилить масочный режим в общественном транспорте и рынках.

«Необходимо усилить контроль за соблюдением санитарно-гигиенических норм. В общественном транспорте пассажиры и водители должны соблюдать масочный режим. Это касается и рынков», - отметил глава области.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
covid.kg #защити


-----

😷 Ысык-Көл облусунда беткап тагынуу режими күчөтүлдү

Бүгүн 25-сентябрь күнү КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Тулобаев, облустук оперативдик штабдын жыйынында коомдук транспортто жана базарларда беткап тагынуу режимин күчөтүү боюнча тапшырма берди.

"Санитардык- гигиеналык нормаларды сактоо көзөмөлүн күчөтүү зарыл. Коомдук транспортто жүргүнчүлөр дагы, айдоочулар дагы беткап тагынышы керек. Бул чара базарларга да тийиштүү",- деп белгиледи облус башчысы.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
COVID-19 илдети боюнча жарандарды кызыктырган суроолорго адистер жооп беришти

➡️ Бул видеону бөлүшүңүз

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
---------------------------

Специалисты ответили на вопросы граждан по COVID-19

➡️ Поделитесь этим видео

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
covid.kg #сакта
26.09.2020
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

📍 Бишкек – 38
📍 Ош шаары – 4
📍 Чүй облусу – 7
📍 Ош облусу – 37
📍 Талас облусу – 1
📍 Нарын облусу – 5
📍 Ысык-Көл облусу – 21
📍 Жалал-Абад облусу – 21
📍 Баткен облусу – 21

🔻 Бардыгы болуп бир сутка ичинде: 155

🔻 Жалпы: 42 302

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg#сакта
26.09.2020
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар

⚡️Бишкек - 22
⚡️Ош - 9
⚡️Чүй облусу – 12
⚡️Ош облусу - 22
⚡️Талас облусу - 2
⚡️Нарын облусу - 3
⚡️Ысык-Көл облусу – 11
⚡️Жалал-Абад облусу – 34
⚡️Баткен облусу - 43

🔺Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 158

🔺Жалпы: 46090

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта
26.09.2020
Новые случаи COVID-19 U07.1 и U07.2 за прошедшие сутки

⚡️Бишкек - 22
⚡️Ош - 9
⚡️Чуйская область – 12
⚡️Ошская область - 22
⚡️Таласская область - 2
⚡️Нарынская область - 3
⚡️Иссык-Кульская область – 11
⚡️Джалал-Абадская область – 34
⚡️Баткенская область - 43

🔺Всего за сутки зарегистрировано: 158

🔺Всего за весь период: 46090

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
covid.kg #сакта
26.09.2020
🏥 стационарда дарыланууда – 658 бейтап,
🏡 амбулатордук дарыланууда – 1619 бейтап.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
--------------------------
26.09.2020
🏥 на стационарном лечении – 658 пациентов,
🏡 на амбулаторном лечении – 1619 пациентов.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
covid.kg
#сакта #защити
📍 Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
🧑‍⚕️Бишкек ш. – 2
🧑‍⚕️Ош облусунда – 1
🧑‍⚕️Ош ш. – 1
🧑‍⚕️Баткен облусунда – 3

Ал эми бир суткада ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3234 учур катталды, алардын ичинен 2937 медкызматкер айыгып чыкты.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта
📌 КР ССМ, ТИМ, Транспорт жана жолдор, ИИМ, Мамлекеттик чек ара кызматы, Бажы кызматы жана «Эл аралык «Манас» ААКнын биргелешкен буйругуна ылайык, чек өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өтүү алгоритмдери иштелип чыгып, бекитилди

"Манас", "Ош", "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда КРнын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө:
🔹 Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар учууга катталып жатканда, ПЦР- изилдөөнүн жыйынтыгын авиакомпаниянын өкүлдөрүнө көрсөтүшөт. Бортко коронавирустук инфекциянын клиникалык белгилери жок жана акыркы 72 саатта коронавируска аныктоо үчүн жасалган ПЦР тестинин терс жыйынтыгын тастыктаган маалымкаты бар адамдар гана кирүүгө уруксат. ПЦР тесттеринин бар экендигин текшерүү СКП кызматкерлери тарабынан учактын бортунда/аэровокзал комплекстеринин учуу залында жүргүзүлөт.

🔹 Бортто жарандардын арасында анкета жүргүзүлөт, келгенден кийин, анкеталар СКПнын кызматкерине өткөрүлүп берилет.

🔹 Борт коштоочулары тарабынан, бортто COVID-19 шектелген жүргүнчүнүн / жүргүнчүлөрдүн болушу жөнүндө маалымат алынгандан кийин, шектелген бул жүргүнчү/жүргүнчүлөр, ошондой эле алдыдагы 2 катарда, арттагы 2 катарда жана 1 катар жанында жайгашкан жүргүнчүлөр жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлгө алынышат.

🛫 Ички каттамдар үчүн:

🔹 Бортто коронавирустук инфекцияга шектелген жүргүнчүнүн/жүргүнчүлөрдүн бар экендиги жөнүндө маалыматты алганда, бул жүргүнчү/жүргүнчүлөр, ошондой эле алдыдагы 2 катарда, арттагы 2 катарда жана 1 катар жанында жайгашкан жүргүнчүлөргө байкоо жүргүзүлүп, андан ары медициналык байкоо жүргүзүү үчүн, обсервацияга жана өзүн-өзү изоляциялоого алынышат.

✈️ Эл аралык жана ички каттамдар үчүн:

🔹 Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана учакка отурар алдында аэропорттордун кызматкерлери, ИИМ, СКП жана Транспорттогу мамсанэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери "социалдык аралык” принцибинин так сакталышын жана беткап режимин көзөмөлдөшөт, ал эми учуу учурунда көзөмөлдөө учактын экипажы тарабынан жүзөгө ашырылат.

🔹 Учак КРнын эл аралык аэропортторуна келгенден кийин, СКП кызматкерлери учактын бортунда/аэровокзал комплекстеринин учуу залында дене табын өлчөшөт. Жүргүнчүлөрдөн жана экипаж мүчөлөрүнөн арасынан клиникалык белгилери (дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл ж.б.) аныкталса, ооруканага жаткыруу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аныкталган ооруканаларга нөөмөттө турган тез жардам кызматы тарабынан жеткирилип, ооруканага жаткырылат. СКП кызматкерлери санитардык аянтта учактын бортун толугу менен дезинфекциялашат.

🔹 Клиникалык белгилери жок адамдар андан ары дареги боюнча баруу үчүн өткөрүлөт.

Эскертүү:
🔺 ПЦР тесттин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн талап кылынбайт, бул жарандар үчүн Кыргыз Республикасына келгенден кийин, 14 күн жашаган жана жашаган жери боюнча милдеттүү түрдө өзүн изоляциялоо режимин сактоо талап кылынат;

🔺 эгерде зарыл болсо, коронавирустук инфекцияга шектелген жакын адамдар менен байланышкан адамдардын тизмеси, "Манас" эл аралык аэропорту аба каттамындагы жүргүнчүлөрдүн тизмесин андан ары медициналык көзөмөл үчүн СКПнын кызматкерлерине өткөрүп берет;

🔺 учуу жана кечигип учуу менен байланышкан себептерден улам ПЦР изилдөөсүнүн жарактуулук мөөнөтү (72 саат) аяктаган учурда, чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам келген жери боюнча ПЦР тестинен өтүшү керек.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жан дүйнөнү жаркытып шаң бериш керек өмүргө. Бактылуулук жан дүйнөдөн башталат

Бул видео АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен “Жергиликтүү өзгөрүү” долбоорунун “Көп жаша” кампаниясынын алкагында даярдалды.

➡️ Бул видеону бөлүшүңүз

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта #КөпЖаша
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Коронавирустан улам үйдө отуруп калганда жубайыңызга жардам бериңиз. Бир үйдүн түйшүгү бир гана аялдардын мойнунда болбошу керек

➡️ Бул видеону бөлүшүңүз

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта #КөпЖаша