Штаб КР по COVID-19
7.84K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
🔴 COVID-19 кесепеттери

🔻 Тилекке каршы, жаңы коронавирус азырынча толук изилдене элек олуттуу кесепеттерге алып келүүдө. "Ковидден кийинки синдром" бир катар жагымсыз белгилерди камтыйт. Алардын айрымдары кыска мөөнөттүү болуп, айыккан соң бир нече жумадан кийин өтүп кетет, башкалары узак убакытка чейин сакталып калат.

🟥 КОВИДДЕН КИЙИНКИ СИНДРОМДУН ПАЙДА БОЛУШУНУН НЕГИЗГИ СЕБЕПТЕРИ

Коронавирус менен ооруган адам толук айыккан катары эсептелбейт. Калып калган белгилер организмдин алсыз, дыкат көңүл бурууну жана калыбына келтирүүчү чараларды талап кылган жерлерин көрсөтөт.

▶️Вирус нейротоксиндүү болуп чыкты: кыймыл жана сезүү функцияларын бузуп, тактилдик жана оору сезгичтигине таасир этет. Жашоо үчүн маанилүү системалардын (дем алуу, кан айлануу, тамак сиңирүү) жөнгө салуу механизмдеринин бузулушу адамдын саламаттыгынын олуттуу начарлашына алып келет. Ковид менен ооруган адамдын өнөкөт оорулары бар болсо, ал тургай ремиссия абалында болсо, вирус алардын көпчүлүгүнүн өтүшүн оорлоштуруп жиберет.

❗️ Эгерде коронавирустан айыккандан кийин бир-эки ай өткөн соң дем алуу же алсыздык түрүндөгү жагымсыз белгилер сакталып калса, өпкөнүн иштешин текшерип (пульсоксиметрия, спирометрия), дарыгерге кайрылуу керек.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынын оор кесепеттеринен сактап эмдөөдөн өтүңүздөр!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#сакта
#вакцина2022
#ковид
#ковиддинкесепеттери
Какую защиту дает первая прививка?

💉После первой дозы вакцины иммунитет формируется не сразу, на это уходит некоторое время в зависимости от типа полученной вакцины. На протяжении этого времени концентрация антител в организме (а значит, и степень иммунной защиты) медленно возрастает.

▶️По предварительным данным исследований, уже первый укол вакцины Pfizer/BioNTech сводит риск смерти от Covid-19 к нулю - как и вероятность того, что в случае заражения привитому понадобится госпитализация. Уровень защиты от заражения коронавирусом с относительно легкими симптомами оценивается на уровне не ниже 50%. При этом некоторые эксперты полагают, что он составляет "не менее 80% - а возможно, и более 90%", по крайней мере в течение трех-четырех недель после первого укола. Очень похожие результаты показывает и вакцина от компании Moderna.

Один укол оксфордской вакцины от AstraZeneca гарантирует по меньшей мере 70% защиту от заражения Covid-19 (достаточно тяжелого для того, чтобы у инфицированного проявились симптомы) в течение как минимум трех месяцев.

❇️Примерно такую же защиту дает и российский "Спутник V", поскольку обе вакцины произведены по очень схожей технологии. Предварительные данные показывают эффективность прививки "Спутник лайт" (то есть как раз первого укола) на уровне почти 80%. Данное исследование было опубликована на сайте русской службы ВВС.

🇰🇬COVID-19: Республиканский штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковиддинкесепеттери
Алгачкы эмдөө кантип коргойт?

💉Вакцинанын биринчи дозасынан кийин иммунитет дароо калыптанбайт, буга алынган вакцинанын тибине жараша кандайдыр бир убакыт кетет. Бул мезгил аралыгында организмдеги антителолордун концентрациясы (демек, иммундук коргонуу даражасы дагы) жай өсөт.

▶️Изилдөөлөрдүн алдын ала маалыматтары боюнча, Pfizer/BioNTech вакцинасынын биринчи ийнеси Covid-19дан адам өлүмүнүн учурларын – ошондой эле эмделген адам ооруну жуктуруп алганда бейтапканага түшүү ыктымалдыгын жоет. Салыштырмалуу жеңил белгилери бар коронавирус инфекциясынан коргонуу деңгээли 50% кем эмес деп бааланат. Бирок, кээ бир эксперттер биринчи инъекциядан кийин, жок эле дегенде, үч-төрт жума бою "кеминде 80% - жана балким, 90% ашык" деп эсептешет. Дал ушул сыяктуу натыйжаларды Moderna компаниясынын вакцинасы да көрсөткөн.

AstraZeneca компаниясынын Оксфорд вакцинасынын бир дозасы кеминде үч ай бою Ковид-19 инфекциясынан аз болгондо 70% коргоого кепилдик берет (жугузган адамда симптомдору аныкталгандай оор абалда).

❇️Россиянын "Спутник V" вакцинасы болжол менен ушундай эле коргоону камсыз кылат, анткени эки вакцина тең окшош технология менен өндүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар "Спутник лайт" менен эмдөөнүн эффективдүүлүгүн (б.а. биринчи ийне саюунун) дээрлик 80% деңгээлинде көрсөтөт. Бул изилдөө Россия ВВС кызматынын сайтында жарыяланды.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#ковиддинкесепеттери