Azamat_LIVE KG
2.01K subscribers
2.98K photos
3.45K videos
938 links
Эл күткөн Жаңылыктар. Кызыктын баары бизде
Download Telegram
Садыр Жапаров айымдарды майрамы менен куттуктады.

«Ардактуу асылзат апалар!
Ажарлуу эже-карындаштар!
Кыргызстандын кымбаттуу айымдары.

Сиздерге тиешелүү мээримдүүлүк менен камкордук, акылмандык баам-парасат Кыргызстандын туруктуулугу менен өнүгүп-өсүшүн шарттайт. Мына ушундай асыл сапаттарыңыздар менен күн сайын өзгөрүп жаткан жаңылануу доорунда сиздердин ордуңуздар бийик. Келечек муунду тарбиялоодо, жаштарды турмуш жолунда ар кандай оош-кыйыштарды жеңип өтүүгө даярдоодо, ата-бабадан калган салт-санааны жайылтууда даанышмандыктын булагы катары сиздердин опол тоодой эмгегиңиздердин аркасында эртеңки коомубуз калыптанат жана өнүгөт.

Ошондуктан бүгүнкү майрам күнү мен сиздерге эң оболу бекем ден соолук, аялзатына тиешелүү бакыт-таалай каалайм.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!»
7👍3
Силер бизге Күн да болуп, Ай болуп,
Силер бизге эне болуп, жар болуп,
Жүргөн үчүн жүзүңөрдү жаркытып,
Силер менен биз жүрөбүз бар болуп.

Силерге айтаар өтүнүчүм, талабым,
Ыксыз болсо кечиргиле а жагын…
Келжиреген кем акылын сейрек тууп
Эстүүлөрүн көп туугула баланын.

Силер менен гүлдөп өстү заманым,
Силерге мен коер да бир талабым,
Жатып ичер жалкоолорун сейрек тууп
Эмгекчилин көп туугула баланын.

Оо аялдар, бирөөң жыттуу миң гүлдөн
Сулуусуңар суктандырып сүйдүргөн.
Эриш-аркак кайда болсо ээрчишип
Эсен болсун эркегиңер бир жүргөн.

Ар бир жылдын өз алдынча даңкы бар,
Ар бир айдын өз алдынча баркы бар.
Күлүп-жайнап гүлдөгүлө жалпыңар
Куттуу болсун сегизинчи мартыңар.

Байдылда Сарногоев, " Аялдарды куттуктоо"

Жаз майрамыңыздар кут болсун айымдар!
11
Azamat_LIVE KG
Садыр Жапаров Достуктун элине опурулган Баткендин башчысына ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ ! Өлкө башчысы Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашкандыгы үчүн оозеки түрдө эскертүү…
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
“Эмоцияга алдырып коюпмун, кечирим сурайм”

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын тургундарынан кечирим сурады. Ал Улуттук телеканалга маек куруп, жыйында эмоцияга алдырып койгонун айткан.

6-мартта Достук айылындагы жолугушууда тургундарды Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган. Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Шаменов анда мамлекет адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган.

7-мартта Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына Шаменовго “Баткен районундагы Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашкандыгы үчүн оозеки түрдө эскертүү берилгенин” жазган.
🤔4👍3
Президентти, УКМК төрагасын түйшүккө салган 12 жылдык билим берүү реформасы.

Талкууга жем таштаган 12 жылдык окутуунун жаңы системасы кантип иштейт? 11 жылдык билим берүүдөн айырмасы эмнеде?

Толук видео Ютубда 👇

https://youtu.be/vEg0vCYyXg4?si=9ahtJDIBwUIe5oE3

👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆
👍3👏2
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
1- же 2- класска барабы аны компьютер же ата-эне чечет. 12 жылдык окуутууга өтүү тартиби кандай?

ТОЛУК ВИДЕО ЮТУБДА 👇

https://youtu.be/c0jaay45fjE?si=Uahvxy4miz-Vukae

👆👆👆👆👆👆👆👆👆👆
👍6
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
«Кытай 2026-жылдын башында учуучу унааларды массалык түрдө чыгара баштайт», - China Daily

XPeng компаниясы учуучу унааларды массалык түрдө чыгарган дүйнөдө биринчи өндүрүүчү болууга даярданып жатат.

Компания жолдордо жана абада жүрө ала турган гибриддик унааны иштеп чыгууда. Бул үчүн жасалма интеллект жана акыркы навигация системалары колдонулат.

Өндүрүш 2026-жылы башталышы пландалып, алгачкы моделдер Кытай рыногунда пайда болот.

Жаңы унаанын видеолору социалдык тармактарда бөлүшүлүп, анын автономдуу да, кол менен да иштегенин көрсөтүүдө.
😱7👍2
Таракандын сүтүн иче алат белеңиз?

Окумуштуулар таракан сүтүнүн аш болумдуулугу жогору болгондуктан, уйдун сүтүн алмаштыра аларын аныкташканын The Independent жана башка басылмалар жазышты.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, таракан сүтү уйдун сүтүнө караганда үч эсе аш болумдуу жана организм үчүн зарыл болгон аминокислоталарды, белокторду жана майларды камтыйт. Бул касиеттеринен улам ал потенциалдуу суперфуд деп аталып калган.

Диетологдор рационго киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы, бирок азырынча массалык өндүрүш негизги көйгөй бойдон калууда. Аны өнөр жайлык масштабда жолго коюу али кыйын.
😱7🤬5👍2
УКМК Максим Бакиев Кыргызстанга келгени тууралуу кабарды четке какты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келди” деген маалыматты четке какты.

Кыргызстандан чет өлкөгө күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров өздүк булактарына шилтеме берип “Максим Бакиев Кыргызстанга учуп келгенин, аны УКМКнын кызматкерлери коштоп жүргөнүн” Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Январь айынын башында “мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев Кыргызстанга келгени” тууралуу маалымат тарап, Ички иштер министрлиги аны төгүнгө чыгарган.
👍9
Саясатчы Адахан Мадумаровду 60ка чыгышы менен партиялаштары жана жакындары куттуктады.
👍18
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте иштеп жаткан сойку кыздарга алардын кардары катары барган опер кызматкерлер сойкуларды массалык түрдө кармады

✔️Жалпысынан милицияга 170тен ашык кыз жеткирилген
👏8
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Токмокто кафеге уурулукка кирген адам арак ичип, диванда уктап калган

Милициянын маалыматы боюнча, 9-мартка караган түнү Токмоктогу "Бакыт" кафесинин сигнализациясы иштеп, жерине күзөтчүлөр келген. Алар тегерек-четти карап, короодо курулуш шаймандары, идиш-аяк бир жерде жыйналып турганын жана кафенин терезеси сындырылганын көрүшкөн.

Алар кафенин ээси келгенин күтүп чогуу ичкери киришкен. Кафенин ичи чачык болгон. Сейф бузулуп, анын ичиндеги зер буюмдар менен акча жок болуп чыккан. Андан ары алар залга барганда, ичимдик ичип алып, диванда мас болуп жаткан адамды көрүшкөн. Анын жанында уурдалган зер  буюмдар менен акча жаткан.

Кафенин ээсинин айтымында уурулукка кирген адам кафедеги видеокамеранын процессорун сындырып, ичимдиктерди ичип алган. Ага 150 миң сом зыян келтирилген.

Шектүү катары 41 жаштагы жаран (Т,В.) кармалды.
😁7👍4
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
МИКтин саясаты карапайым калкты үйлүү кылуучу социалдык саясат - Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) саясаты жөнөкөй жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого багытталганын баса белгиледи.

Мамлекет башчынын айтымында, мурда мамлекеттик ипотекалык кредиттер коммерциялык банктар аркылуу берилчү, бул болсо турак жайдын тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алып келип, аны көпчүлүк жарандар үчүн жеткиликсиз кылган. Бул маселени чечүү үчүн мамлекет бюджеттик каражаттардын жана инвесторлордун колдоосу менен көп батирлүү үйлөрдү куруу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууда.
👏5👍2
"Көчөдөн алып келип министр кылып койсок болобу?"-, Феликс Кулов депутаттар сунуштаган мыйзамды сындады

✔️Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетинде мамлекеттик же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы жок жетекчи кызматтарга дайындоону сунуштады.

✔️Бул сунушту мурдагы премьер-министр Феликс Кулов сындады. Айтымында министрлер кабинетинин мүчөлөрү үчүн атайын критерийлер болушу керек.

«Формалдуу мамиле кыла турган болсок, каалаган адамды көчөдөн алып, министр кылып койсок болот экен. Эгерде биз бул адам белгилүү бир тажрыйбага ээ болгон жана натыйжаларга жетишкен, мисалы Илон Маск сыяктуу бизнес чөйрөсүндө десек, анда мүмкүн. Бирок мындай ыкманы сынга алуу да бар. Дайындала турган адамга тиешелүү болгон критерийлерди көрсөтүү зарыл. Жөн эле алып, дайындоого болбойт»,
— деди Кулов Vesti.kg редакциясына.

✔️Белгилей кетсек, аталган мыйзамды депутаттар Марлен Маматалиев, Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Бекмурза Эргешов сунуштоодо.
👍5
Фейсбуктун колдонуучусу Азамат Марипов эки айга камалды

Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси Азамат Марипов 7-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Тиелешүү токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-мартта чыгарганын, аны камакка алуу өтүнүчүн судьяга Ички иштер министрлигининин тергөөчүсү бергенин райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып тагылды.

ИИМ Азамат Мариповго козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.

Азамат Марипов - Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, ал буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн.
👏6
Мектеп окуучуларына сабак учурунда кол телефон колдонууга тыюу салынды

✔️ Мектептеринде сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салынды. Мындай буйрук өлкөнүн бардык мектептерине жиберилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 1-радиого курган маегинде билдирди.

✔️Анын сөзүнө караганда, ар бир класста кол телефондор үчүн атайын кутучалар болот.Министрлик мектептерде окуучуларга сабак учурунда кол телефон колдонууну тыюу боюнча атайын токтомдун долбоорун иштеп чыккан.

✔️Ага ылайык, балдар мектепке кирген учурда кол телефонун үнсүз режимге коюп, класстардагы атайын кутучуларга салышы керек. Мобилдик телефонун колдонууга танаписте же чукул кырдаал жаралган учурда гана уруксат берилет.
👍7