This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Манас шаарында үйүнөн "кара ломбард" иштетип жүргөн аял кармалды
✔️Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет А.Э.С. жылдык 150% дан ашык пайыздык чен менен насыя бергенин билдирди. Унаалар, кыймылсыз мүлк жана зер буюмдар күрөөгө коюлган.
Ш.К.У. аттуу жаран аялдан 1 миллион сом карызга алып, ай сайын 150 000 сом пайыз төлөп турган.
Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, шектүү Ш.К.У.нун унаасын алып, башка мүлкүн бир нече жолу тартып алууга аракет кылган. Аял 200 000 сом пайыз алгандан кийин кармалган.

👏2❤1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулду. Дагны бир башка жарлыгы менен Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ушул тапта Ташиев Германиянын Мүнхен шаарында медициналык дарыланууда жүргөн учурунда президент кызматтан алуу боюнча жарлыгын чыгарды. Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган болчу. Ал бул кызматка келгенден кийин коррупция жана уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш жарыялап, Кыргызстанды кримчөйрөдөн жана жемкор аткаминерлерден тазалоо боюнча опол- тоодой иш жасады. Камчыбек Ташиев жетектеген Атайын кызмат Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом кайтарганы жалпыга белгилүү.

🔥7👍3❤1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу
(эч өзгөртүүсүз берилди)
Урматтуу Эл-журт!
Мен ооруп калып, Президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге корунууго туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр,мен учун ото кутуусуз болду. Кандай болгон кундо да Президенттин чечимин аткарууга милдеттуубуз. .Мамлекетибиз,Эли журтубуз,Президентибиз алдында ак кызматымды отодум жана сыймыктанамын!Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону окундурот! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин,ийгиликтерди каалаймын!Ал эми олкобуздо тынчтык,стабилдуулук болуш учун эч ким,эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!

👏6😢5👀2❤1👍1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Оштун мэри Ташиев менен Жапаров нан тиштешкен достор экенин айтты
Таңкы рейдде жүргөн Жеңишбек Токторбаевге жарандардын бири Ташиевге сарсанаа болуп, уктай албай чыкканын айткан.
Калаа башчысы алар нан тиштешкен достор экенин, баары жакшы болорун айтып, Жапаров менен Ташиев бири-бирин таштабай турганын белгилеген.

👍14👏5❤2
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
⚡️ Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти. Ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында борбордук трибунада сөз сүйлөп, Кыргызстандагы акыркы окуялар тууралуу комментарий берди. Эч ким басым кылбагынын, өз эрки менен кызматтан кеткенин айтты.
Нурланбек Тургунбек уулу былтыр парламенттик шайлоодо № 15 округдан депутат болуп шайланып келип, 2025-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы болгон.

👍3
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Төрага “төрдөн түшүп, ордуна отурду”.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
”Эки досту ушакчылар уруштурду”-Камила Талиева
✔️Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева өлкөдө саясий абал курчуп, бири-биринин артынан “бычак сайгандар” көбөйгөнүн айтты. “Эки достун” да мамилесине ушак ташыгандар себепкер болгонун билдирди.

👍5
Массалык башаламандыктарды уюштурууга жана башка кылмыштарга катышы бар деген шек менен дагы эки киши кармалды
ИИМден алар 60 жаштагы А.К жана 58 жаштагы К.А. деп билдиришти. Сүрөт менен инициалдарынан алардын ИИМдин мурдагы орун басар министри Курсан Асанов жана мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев экендигин таанууга болот.
Кармалгандардын жашаган жерлери тинтүүгө алынган.
Эске салсак, кечээ кайрылуу жасаган 75 кишинин ичинен үчөөнө массалык башаламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, шектүүлөр камакка алынган.
Милиция алар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулук арасында такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенгендери айтылды.

😱6🤬1
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келди.
УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келди. Аба майдандан тартылган видеону Регион ТВ жарыялады. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров жарлыгы менен 10-февралда Ташиевди кызматынан алган. Генерал Германияда дарыланып жаткан болчу.
Кечээ Ташиевдин Кыргызстанга бүгүн таңда келери айтылып, тарапташтарынан аэропортко "келбегиле" дегени тараган.

👏11❤2👎1
Достугубуз кала берет.
Камчыбек Ташиевди УКМКнын экс-төрагасы кызматынан алып, анын өзүн сактап калдым. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров акыркы окуялар боюнча маек куруп жатып айтты.
“Чечим кабыл алар алдында досума телефон чалып, кызматтан алып жатканымды билдирип, анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм”, — деди президент. “Камчыбек Ташиевди кызматтан албасам жогорудагы багытта иш алып баргандардын аракетинин аркасында бул сөздөр дагы да күчөп, мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, ал турсун тирешүүлөргө дагы алып келмек. Ошондуктан досумду кызматтан алууга туура келди. Мен үчүн мамлекеттеги стабилдүүлүк баарынан жогору", — деди президент. Жапаров Ташиев экөөнүн достугу кала берерин белгиледи. Анын айтымында, чечим мамлекеттин, элдин тынчтыгы, биримдиги үчүн кабыл алынган. Президент генерал экөөнүн достугун кайсы бир кызматка же кандайдыр бир кызыкчылыкка байлоо туура эмес экенин кошумчалады.

👍6❤1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
ЖКнын экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун Жапаров — Ташиев тандемин бузду деп айыптаган блогер кармалды
Бишкек шаардык милициясы билдиргендей, ал соцтармактарга жарыялаган материалдарында өлкө жетекчилеринин аброюна доо кетирди деп шектелүүдө.
Ошондой эле Ж.С. милиция кызматкерлерине баш ийбей, аларды сөгүп-сакканы белгиленген.

👍6❤2
Сот кармалган беш саясатчыны эки айга камакка алды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган Бекболот Талгарбековду, Эмил Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановду 10-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Эскерте кетсек, 9-февралда президенттик шайлоону быйыл өткөрүү сунушу менен көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, аттуу-баштуу адамдар кол койгон кат өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдонгону айтылган.
Андан кийин массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен ИИМ алгач үч киши, көп узабай дагы экөө кармалганын кабарлаган болчу.

👍7❤4
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
ГЕРМАНИЯГА ДАРЫЛАНУУ ҮЧҮН БАРГАН ГЕНЕРАЛ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТЫП КЕЛДИ
👏3❤1👍1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Таласта дээрлик бир метрдей кар жаады
Соцтармакта видеолор тарап, кардын калыңынан электр зымдары үзүлүп, чатырлар көтөрө албай сынып жатканын көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундар айыл ичиндеги каттамдар кыйындап, жолдор тазаланбай жатканын айтышууда.

😱3
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кыргыз балбаны дүйнө чемпионун көтөрүп чаап, жеңип алды
Бишкектеги Кичи аренада эркин күрөш боюнча Super 4 Wrestling эл аралык турнир өтүп жатат.
Анда Орозобек Токтомамбетов 74 кг салмакта Ёсиносукэ Аоягини көтөрүп чаап, 8:0 эсебинде артыкчылык менен жеңип алды.

👏11
Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова мандат алат
БШКнын жумушчу тобу жокко чыккан 13-округдагы шайлоону жаңы ачылган жагдайга ылайык, шайлоо өттү деп таанууну чечти.
Анткен менен округда көп добуш алган Бакыт Сыдыков четтетилери белгиленди. Анткени шайлоочуларды телефонго тарткандар анын тарапташтары экени айтылды.
Ошондо анын ордуна мандат Талант Мамытовго берилмекчи.

👍3🤔2
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
САТКЫНДЫККА МЕН ЭЧ КАЧАН БАРБАЙМ!!!
👏12👍1
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Акжол Махмудов эзелки атаандашы болгариялык Айк Мнацаканянды жеңди
Бишкектеги Кичи аренада күрөш боюнча Super 4 Wrestling эл аралык турнири өттү. Мелдештин байге фонду 300 миң доллардан ашат.
Турнирдин атайын беттешинде Акжол Махмудов 82 кг салмакта болгариялык Айк Мнацаканянды 5:2 эсебинде утуп алды. Натыйжада Махмудов 10 миң доллар, Айк Мнацаканян 5000 доллар утту.
Бул балбандардын ортосундагы жеке эсеп буга чейин 2:2 болчу.
Мындан тышкары аталган турнирде 1-орунга татыган Бекзат Алмаз уулу 10 миң доллар, 2-орунду ээлеген Билол Шарип уулу 5000 доллар утту. Ал эми 3-орунду алган Малик Шаваев менен Орозобек Токтомамбетов 3000 долларга ээ болду.

👏9