Штаб КР по COVID-19
7.85K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
Дүйнөдө маймыл чечек оорусу тарап жатат

❗️Майдын башынан тарта Британияда маймыл чечек оорусунун 11 учуру катталган. Оорунун учурлары тууралуу Германия, Италия, Бельгия, Франция, Португалия, Канада, АКШ жана Австралияда билдиришти. Илдетке кабылгандардын саны боюнча Испания алдынкы орунда (30) турат.

ДССУ эксперттердин тобун маймыл чечек оорусунун күчөшүн талкуулоо үчүн чукул жыйынга чакырды.

Улуу Британия аталган оорунун учуру аныкталганы тууралуу биринчилерден болуп маалымдаган – 7-майда бул жакта Нигериядан келген адамдан илдет аныкталган.

Маймыл чечеги – 1958-жылы белгиленген жугуштуу оору. Көпчүлүк учурлары Африкада катталган: эреже болуп калгандай, 16 жашка чейинки өспүрүмдөр жугузган.

Изилдөөлөр маймыл чечек оорусу чечекке бир кыйла окшош экенин көрсөттү. Негизги белгилеринин арасында - калтыратма жана денеге бүдүр-бүдүр майда тактардын түшөт. Оору орто эсеп менен 14 күндөн 21 күнгө чейин созулуп, өзү өтүп кетет. Маймыл чечек оорусунда адам өлүмүнүн учурларынын коэффиценти 1ден 10%га чейин.

Африкадан тышкары биринчи учурлары 2003-жылы АКШда катталган. Акыркы жолу 2017-жылы Нигерияда аныкталган.

РФ Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматы Россияга маймыл чечегин алып келүү тобокелдиги бир кыйла төмөн деп ырасташууда. “Вектор” россиялык борбору бул илдетке чалдыгуу учурларын аныктай турган автономдук тест-системасын иштеп чыгышты. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматы: “натыйжалуу, спецификалык жана кызамык, кызылча жана суу чечек менен кайчылаш реакцияларды көрсөтпөйт».

ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗДӨР!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#кызылча
#кызамык
#чечек
Кызамык менен ооруган адам менен байланышта болгондо эмне кылуу керек?

❗️Илдеттин алгачкы белгилери билине баштаганда же балаңыз кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз!

Эгерде сиз байланыштан кача албасаңыз, анда төмөнкү чараларды көрүшүңүз керек:

Эгер балаңыз кызамыкка чалдыкса, тилкелик дарыгерге кайрылыңыз. Ал балаңызды үйдө же ооруканада дарылоо зарылдыгын чечиши керек. Дарыгер кызамыктын кийинки жайылышына жол бербөө үчүн тиешелүү дарылоо жана алдын алуу иш-чараларын дайындайт.

Бардык аныкталган бейтаптар тез арада обочолонот. Оор эмес кызамык үй шартында, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө дарыланат. Оорунун оор өтүшүндө, күчөшүндө ооруканага жаткырылышы мүмкүн.

Бейтаптарга териде исиркектер пайда болгон 5-күнгө чейинки мезгилде коом менен байланышууга тыюу салынат.

Эгерде пневмония түрүндө татаалдашуулар пайда болсо, анда обочолоонун мөөнөтү 10 күнгө чейин узартылат.

Эгерде сиз балаңызга кызамык оорусуна каршы эмдөө жасай элек болсоңуз, анда токтоосуз эмдетиңиз!

❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#коронавирус
#кызамык
Вакциналар кантип таасир берет?

Эмдөө организмдин иммундук реакциясын козгойт. Иммундук система вирус же бактерия сыяктуу ооруну козгогучту тааныйт. Андан кийин антителолорду иштеп чыгуу башталат. Ал ошондой эле келечекте аны менен күрөшүү үчүн ооруну козгогучту эстеп калат. Эгерде бул козгогуч кайра организмге кирсе, иммундук система аны тез эле жок кылып, оорунун күчөшүнө жол бербейт.

Вакцинанын бир же бир нече дозасын алуу менен биз, адатта, көп жылдарга, ондогон жылдар, атүгүл өмүр бою белгилүү бир оорудан коргоого ээ болобуз. Вакциналардын натыйжалуулугу да ушунда.

КПК - кызамык, паротит жана кызылчага каршы айкалыштырылган вакцина. Кыргыз Республикасында профилактикалык эмдөө календарына ылайык кызамыкка каршы биринчи эмдөө 12 айда, ал эми пландуу ревакцинация 6 жашында жүргүзүлөт. Бул эки доза кызамыктан коргоону камсыз кылат.

Эмдөө балдарды коркунучтуу оорулардан гана коргобостон, инфекциялардын жайылышын алдын алуу менен коомдук саламаттыкты сактоого да салым кошот.

⁉️Кыргызстанда колдонулган вакциналар коопсузбу?

Кыргызстанда колдонулган вакциналар коопсуз жана сапаттуу, улуттук талаптарга жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) сунуштарына, ошондой эле эл аралык GMP (тийиштүү өндүрүштүк тажрыйба) стандарттарына жооп берет жана ДССУнун алдын ала квалификациялоо процедураларынан өткөн.

❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#коронавирус
#кызамык
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Вирустук гепатиттин канча түрү бар жана кантип жугат?

Жообу видеодо 🔽

❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#коронавирус
#кызамык
📣Урматтуу жарандар!

Сиздерде В жана С гепатитине текшерүүдөн бекер өтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирет.

В жана С гепатитине акысыз текшерүүдөн 18 жаштан жогорку бардык адамдар жашаган жери боюнча жалпы практикалык борборлордо же үй-бүлөлүк медицина борборлорунда өтө алышат.

В гепатитинин терс тестинин жыйынтыгы аныкталган болсо 23 жаштан жогоркулар в гепатитине каршы вакцинаны акысыз ала алышат.

‼️Эскерте кетсек, В жана С вирустук гепатиттери цирроз жана боор рагы сыяктуу ооруларга алып келиши мүмкүн.

Суроолор болсо жашаган жериңиз боюнча медициналык мекемелерге кайрылсаңыз болот.

❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#коронавирус
#кызамык
#гепатит
❗️Кызамык тууралуу кыскача

Кызамык – бул курч жугуштуу вирустук оору.

Кызамык менен ооруган адамдан жугат. Балдар жана чоңдор дагы кызамыкка чалдыгышы мүмкүн. Кызамык менен оорубагандар жана ага каршы эмделбегендер бейтап менен байланышта болгондо, жашына карабастан дээрлик 100% ооруну жуктуруп алышат.

Кызамык кантип жугат?

Инфекция аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат.

Ошондой эле жакын жеке байланыш же мурундан чыккан инфекция бар суюктук менен байланыш болгондо жугат.

Вирус желдетүү түтүктөрү жана лифт шахталары аркылуу тарашы мүмкүн –бир учурда үйдүн ар кайсы кабатында жашаган балдар ооруп калышат.

Кызамыктын белгилери

Инфекция жуккандан кийин алгачкы белгилери пайда болгонго чейинки убакыт 7-14 күн.

Оорунун белгилери:

• дене табынын 38-40⁰С көтөрүлүшү
• кескин алсыздык
• табиттин жоктугу
• кургак жөтөл
• мурундун агышы
• конъюнктивит (көздүн былжыр челинин сезгениши)
• исиркектердин пайда болушу.

Кызамыктын кооптуулугу

Кызамык татаалдануулары менен кооптуу. Өпкөнүн, мээнин, көздүн сезгениши пайда болуп, сокурдукка алып келиши ыктымал. Оор учурларда өлүмгө учуратышы мүмкүн.

Көбүнчө, кыйынчылыктар беш жашка чейинки балдарда же 30 жаштан ашкан кишилерде болот.

❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#кызамык
#коронавирус
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кызамыкка каршы эмделген бала аталган ооруну жуктуруп алышы мүмкүнбү?

Адистин жообу видеодо🔽

❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#коронавирус
#гепатит
#кызамык
Кыргызстанга кызамыктын чыгышына жооп катары иммунизация кампаниясы үчүн кызамык - кызылча вакцинасы келди

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга Кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгеден кызамык - кызылча вакцинасынын 755 500 дозасы келди.

Вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлиги, КРдагы БДСУ, ЮНИСЕФ жана УКАК өкүлдөрү катышты.

Кызылча-кызамык вакцинасы (ККВ) – бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган. Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр - инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу, ал 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет.

Бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделмекчи. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат.

Кызамык вирусунун айлануусун азайтуу, оорунун чыгышын аныктоо жана анын андан ары жайылышына бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан БДСУ жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында Кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгенин алкагында түзүлгөн, оорулардын чыгышына жооп берүү фондуна шашылыш өлкө өтүнмөсү даярдалган болчу.

Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо кампаниясы 18- сентябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош областтарында башталат жана 29-сентябрга чейин уланат.


❗️Оорунун алдын алуу үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү керек!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#корь
#коронавирус
#гепатит
#кызамык