Штаб КР по COVID-19
7.78K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бустердик доза эмне себептен киргизилди?

Суроого республикалык иммундук алдын алуу борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаевдин жообу

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#защити
#вакцинызащищают
#вакцинация2022
#ревакцинация2022
#бустердикдоза
Бустердик доза тууралуу

Бустерге чейин Covid-19 менен ооруп калгандар үчүн эмне кылуу керек?

Бустер - бул иммундук жоопту жогорулатуу үчүн жасалуучу вакцинанын дозасы, ал убакыттын өтүшү менен жок болот. Бустер организмдин иммундук эс тутумун узартат жана ковидден кыйла натыйжалуу коргоону камсыз кылат.

АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору жүргүзгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, Pfizer жана Moderna вакциналарынын күчөтүлгөн дозасы коронавируска каршы коргоону 90% га чейин жогорулатат. Тактап айтканда, ооруканага жаткыруудан коргойт.


Бустер кандай натыйжа берет?

Абдан ыкчам, болжол менен бир жуманын ичинде антителолорду иштеп чыгуу калыбына келет. Бустердин таасири абдан жогору, ооруканага жатууну 90% алдын алуу жөнүндө кеп болуп жатат.


Бустерди качан жасатуу керек?

Кээ бир өлкөлөр экинчи эмдөөдөн кийин беш, төрт, атүгүл үч айдан кийин бустерди алууга уруксат беришкен. Кыргызстанда эмдөөдөн кийин 5-6 айдан кийин жасоого уруксат берилет.

Ооруп айыккандар бустер алышы керекпи?

Дарыгерлер ооруп калган учурда дагы, бустер алууну кеңеш беришет. Бирок ооругандан кийин 28 күн аралыгын сактоо зарыл.

Эгерде сизде бустер жасаганга убактыңыз жок болсо жана ооруп калсаңыз, белгилер башталгандан же COVID-19 үчүн оң тесттен 28 күндөн кийин бустер кыла аласыз жана кылышыңыз керек. Кийинкиге калтыруунун мааниси жок, анткени антителолорду иштеп чыгуу үчүн убакыт керек.

Көбүнчө оорудан кийин антителолордун болушу узакка созулбайт жана аларды оору аркылуу алуу өтө кооптуу дешет жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлер. Эмдөө алардын кошумча калыптанышына түрткү берет.


Бустерге жооп

Бу
стер коопсуз жана Covid-19га каршы коргоону күчөтөт. Вакцинанын күчөтүүчү дозасын алгандан кийин кыйыр таасирлердин көбөйүшү катталбайт жана коронавирустук оорунун натыйжасында катуу оору жана өлүм коркунучунан коргоо жакшырат.

Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, бустердик дозага жооп, адатта, биринчи эки дозадан кийин да азыраак болот.

Бустерди кайсы вакцина менен алуу керек?

Кыргызстанда катталган вакциналардын бардык түрү, ошондой эле кайсы вакцина бар болсо колдонулат.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#пандемия
#вакцинация
#коронавирус
#бустердикдоза
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
ЭМНЕ ҮЧҮН ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҮ ЗАРЫЛ?

ЭМДӨӨ – өзүңдү жана жакындарыңды ковидден коргоонун эң ишенимдүү жолу.
Кененирээк видеодо⬆️

ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#бустердикдоза
#үчүнчүдоза