Штаб КР по COVID-19
7.77K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
Омикрон: жай отурууга болбойт

❗️ДССУнун маалыматтары боюнча дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынын 332 617 707 учуру катталды, ковидди жугузуунун 72% “омикронго” туура келет.
❗️Кайрадан антирекорд коюлду, акыркы 24 саатта ооругандардын саны 3 млн 729 миң адамга өстү. Жана эпидемиянын жайылуу темпинин өсүшүндө көптөгөн өлкөлөрдүн санитардык чараларды күчөтүп, эмделбегендерге карата катаал айыппулдарды жана санкцияларды киргизип жатышканы таң каларлык деле эмес.

Эмдөөдөн өтүп, өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз!
COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#защити
#вакцинызащищают
#вакцинация2022
#эмдөө2022
#ревакцинация2022
#омикрон
#ДССУ
📣COVID-19га каршы балдарды жана өспүрүмдөрдү эмдөөгө байланыштуу ДССУнун убактылуу билдирүүсү

COVID-19га каршы эмдөө боюнча ДССУнун глобалдык стратегиясы өзгөрүүсүз калууда: 2021-ж. аягына чейин бардык өлкөлөрдүн калкынын кеминде 40% жана 2022-ж. ортосуна чейин кеминде 70% эмдөө. Бүгүнкү күндө бул максаттар жетишиле элек.

COVID-19га каршы вакциналардын көпчүлүгү 18 жаштан жогорку адамдарга гана колдонууга уруксат берилгени менен, азыр көптөгөн вакциналар балдарга да колдонууга уруксат алуу жол-жобосунан өтүшүүдө. Кээ бир өлкөлөр өзгөчө кырдаалдарда вакциналарга уруксат беришкен.

💉Мисалы, айрым өлкөлөрдө Pfizer компаниясы тарабынан өндүрүлгөн BNT162b2 вакцинасы менен 5 жаштан 17 жашка чейинки балдарды эмдөөгө уруксат берилди.

Moderna компаниясы чыгарган вакцинага 12ден 17 жашка чейинки балдар үчүн колдонууга уруксат бар.

🇨🇳 Кытай 3төн 17 жашка чейинки курактагы балдарды Sinovac-CoronaVac жана BBIBP-CorV вакциналары менен эмдөөгө уруксат берген (3 жаштагы балдарга клиникалык изилдөөлөр аяктаган).

🇮🇳Индияда Bharat компаниясынын Covaxin вакцинасын жана ZycovD вакцинасын 12-17 жаштагылар үчүн колдонулууда.

❗️Бирок бул вакциналар өзгөчө кырдаалдарда чоңдорго колдонулуучу дарылардын тизмесине киргизилгенине карабастан, өзгөчө кырдаалдарда балдар үчүн колдонууга ДССУнун уруксаты алына элек.

COVID-19га каршы бир нече вакцина кыйла жаш курактагыларда сыноодон өтүп жатат (анын ичинде 6 айлык ымыркайда дагы), бирок бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктары али жарыялана элек.

▶️Балдарды жана өспүрүмдөрдү эмдөөнүн пайдасы түздөн-түз ден соолук үчүн гана эмес. Бул куракта COVID-19ду пайда кылган вирустун жугушун азайткан эмдөөлөр балдардан жана өспүрүмдөрдөн чоңдорго жугууну азайтып, мектептерде чектөө чараларынын зарылдыгын азайтышы мүмкүн. Балдар үчүн окуу процессинин үзгүлтүккө учурашын азайтуу жана алардын бакубаттуулугун, ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу – орчундуу маселелер болуп саналат.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#ДССУ
#вакцина
‼️Эмдөө стратегиясына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди (2021-ж. ноябры)

1️⃣ Вакцинанын экинчи дозасын алгандан бир ай өткөндөн кийин вакцинанын бардык түрлөрү менен эмдөөнүн кайталоочу баштапкы сериясы (COVID-19га эмдөө сертификаттарын эл аралык таануу жол-жоболору белгиленгенге чейинки өзгөчө чара).

2️⃣ Кошумча (үчүнчү) доза – (жарандардын 4 категориясы үчүн гана – бул иммундук жетишсиздик оорулуу бейтаптар, 60 жаштан жогорку курактагылар, тобокел топтордогу медицина кызматкерлери жана коронавирус инфекциясына чалдыгып айыккандар).

3️⃣ 16-18 жаштагы өспүрүмдө (тобокел топтордогу балдарды гана, BNT162b2 Pfizer–BioNTech вакцинасы менен )

4️⃣ Кош бойлуу аялдар (22 жума мөөнөтүндөгү жана тобокел топтордогу кош бойлуулар гана эмделет. ДССУ ӨК бекитилген вакциналар менен)

5️⃣ Бала эмизген аялдар тобокел топтордогу бала эмизген гана аялдар эмделет. ДССУ ӨК бекитилген вакциналар менен).

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#ДССУ
#вакцина
ДССУнун COVID-19 боюнча жумалык маалыматы

🌍Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жумалык маалыматында бир жумада, 25-апрелден 1-майга чейин, дүйнө жүзү боюнча инфекцияны жугузгандардын саны өткөн жумага (18-апрелден 24-апрелге чейин) салыштырмалуу 17%га, каза болгондордун саны 3% азайган. Ошого карабастан, коронавирустун омикрон-штаммынын ар кандай түрлөрү аныкталган өлкөлөрдүн саны өсүүдө.

🦠Ошондой эле, уюмдун маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынан “ашыкча” адам өлүмү болжол менен 14,9 миллион адамды түздү. Башкача айтканда, бул оору менен түз же кыйыр байланышта каза болгондордун саны 13,3 миллиондон 16,6 миллионго чейин жетет. Маалыматтар 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил үчүн берилген. Эксперттердин айтымында, 2020-2021-жылдары өлүмдөр аялдарга (43%) караганда эркектер арасында (57%) көп болгон.

▶️ДССУнун маалыматы: "ашыкча өлүм" - 2020-2021-жылдары каза болгон адамдардын саны менен "мурунку жылдардагы маалыматтарга таянып, пандемия жок болгондо күтүүгө мүмкүн болгон" адам өлүмүнүн санынын ортосундагы айырма.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#исследование
#вакцинация
#коронавирус
#ДССУ
Дүйнө калкынын 90% COVID-19га иммунитети бар – ДССУ

Жер жүзүндөгү калктын 90% COVID-19га иммунитет иштелип чыккан, бирок тынчтанууга али эрте деп билдирди брифингде ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус.

Анын айтымында, бул эмдөөдөн же адамдын коронавирус менен мурда ооруп айыкканынан улам болгон.

«Биз пандемиянын өзгөчө фазасы аяктады деп айтууга жакындадык. Бирок бул аягы эмес», – деди ДССУ башчысы.

Ал акыркы беш жумада коронавирустан жума сайын каза болгондордун саны бир аз азайганын, бирок өткөн аптада 8,5 миңден ашуун адам көз жумганын билдирди.

«Омикрон» штаммы пайда болгондон бери COVID-19дун мутациясы уланып келет. Бүгүн «Омикрондун» 500дөн ашуун штаммчалары бар. Алар өтө жугуштуу», – деди Тедрос Адханом Гебрейесус.

Ал бардык өлкөлөрдү тобокелдикке негизделген ыкманы колдонууга үндөдү.

«Көзөмөлдөө, тестирлөө жана эмдөөдөгү жетишпегендиктер өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон жаңы жана тынчсыздандырган варианттын пайда болушу үчүн идеалдуу шарттарды түзүүнү улантууда», – деп белгиледи ДССУнун башкы директору.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#бустер
#covid
#ДССУ
#иммунитет