Штаб КР по COVID-19
7.78K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
💊COVID-19: Кыргызстандагы медициналык уюмдарда дары-дармек жана жабдуулардын саны жетиштүү

Республикадагы медициналык уюмдарда дары-дармек жана шаймандардын запасы 1,5-2 айга жетет. Бул боюнча коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына бөгөт боюуу максатында өткөн Республикалык штабдын отурумунда айтылды. Жыйындын алкагында КР Өкмөтүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Улан Маматканов тарабынан өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан иш-чараларды күчөтүү, той-топурларды өткөрүүгө тыюуу салуу жаатында рейддерди өткөрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча элге кайрылууларды жасоо, дары-дармек жана медициналык шаймандардын запасы жөнүндө калкка кеңири маалымат жеткирүү талаптары коюлду.

❗️Өз сөзүндө КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев медициналык уюмдарды дары-дармек, жеке коргонуу каражаттары менен кеңири камсыздоо үчүн тендерлер өткөрүлүп жатканын айтып, COVID-19 оорусун ооздуктоодо мүмкүн болушунча үйдө обочолонуу, жарандардын бет кап тагынуусу, адамдардын ортосунда бир метрден кем социалдык аралыкты кармоо, өздүк гигиенаны сактоо маанилүү экенин баса белгиледи.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта
💊COVID-19: В медицинских организациях страны лекарственные средства и оборудования в достаточном количестве

Запасы лекарств и оборудования в медицинских организациях страны хватает на 1,5-2 месяцев. Об этом было заявлено на заседании республиканского штаба по предотвращению дальнейшего распространения коронавирусной инфекции.

В ходе встречи начальник управления социального развития Аппарата Правительства Кыргызской Республики Улан Маматканов призвал к усилению мер по улучшению эпидемиологической ситуации в стране, проведению рейдов по запрету свадеб и тоев, обращению к общественности через СМИ по вопросам соблюдения санитарно-эпидемиологических правил, предоставить населению подробную информацию о запасах лекарств и медицинского оборудования.

❗️В своем выступлении заместитель министра здравоохранения КР Мадамин Каратаев сообщил, что проводятся тендеры на обеспечение медицинских организаций лекарствами и средствами индивидуальной защиты, а также эффективными мерами на предотвращение COVID-19 являются самоизоляция, ношения масок, соблюдение социальной дистанции не менее одного метра, соблюдение личной гигиены.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
covid.kg #защити
🦠 Республика боюнча медицина кызматкерлерине онлайн окутуулар өткөрүлүүдө

2020-жылы COVID-19 илдети жайылгандан тарта Кыргызстандын жети дубанындагы медицина кызматкерлерге онлайн жана офлайн семинарлар өз нугунда өткөрүлүп келе жатат.

Окутуулардын негизги максаты CОVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу, бейтаптарга медициналык жардамды туура көрсөтүү, жеке коргонуу каражаттарын туура колдонуу эрежелерин үйрөтүү. Бул иш-чаралар онлайн байланыш аркылуу ишке ашырууда. Ошондой эле аймактарды кыдырып, жеринде семинарлар жүргүзүлүүдө.

Талант Сооронбаев, саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонолог дарыгери, профессор: “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо, бейтапты дарылоо, ошондой эле өзүн-өзү коргой билүү жана башка темалар боюнча облустардагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы дарыгерлерге, мээрмандарга жана гинеколог дарыгерлерге сабактарды онлайн жана офлайн өткөрүп жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин Ош, Кара-Кол, Нарын, Талас шаарларына адистер барып окутууларды жүргүзүп келишти. Биздин эң башкы максатыбыз - татыктуу адистерди даярдоо, алардын билим деңгээлин жогорулатуу”.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg #сакта
🦠 Онлайн-тренинги для медицинских работников проходят по всей стране

С момента вспышки COVID-19 для медицинских работников проводятся онлайн и оффлайн семинары во всех областях Кыргызстана.

Основная цель тренинга - предотвратить распространение COVID-19, обучить медицинский персонал правильно оказывать пациентам медицинскую помощь, правильно использовать средства индивидуальной защиты. Обучение осуществляется посредством онлайн-связи. Также, специалисты выезжают в регионы и проводят оффлайн-семинары.

Талант Сооронбаев, главный пульмонолог Минздрава, профессор: "Мы проводим онлайн и офлайн обучение для врачей, медсестер и гинекологов всех областей, г.Бишкек и Ош по соблюдению санитарно-эпидемиологических правил и правил инфекционного контроля, правильному лечению пациентов. На сегодняшний день наши специалисты провели тренинги медикам г.Кара-Кол, Ошской, Нарынской и Таласской областей. Наша главная цель - подготовить мультидисциплинарную команду специалистов и повысить их квалификацию".

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
covid.kg #защити
Бишкекте өпкөнү компьютердик томография (КТ) же рентгенге кайсы жерлерде тарттырса болот?

🏥 КТ жана рентген
📍"Авиценна" – Жунунусалиев көч. 83 (Гагарин көчөсү менен кесилишинде);
📍Vedanta – Фучик көч. 34 (Рыскулов көчөсү менен кесилишинде);
📍"Кортекс" – Үмөталиев көч. 128а;
📍"Меди" – Сүйөркулов көч. 5/3 (Байтик Баатыр көчөсү менен кесилишинде);
📍Tomex – Панфилов көч. 165 (Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрүнүн ортосунда).

🏥 КТ
📍Sistem – ул. Юнусалиев көч. 57 (Скрябин көчөсү менен кесилишинде);
📍"АЮ Медикал" – Дэн Сяопин пр. 2б;
📍ЮРФА, Токтогул көч. 135 (Исанов көчөсү менен кесилишинде).
📞 1215.

🏥 Рентген
📍Neomed – Орозбеков көч. 46 (Москва жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда);
📍"Здоровье" – Гоголь көч. 133 (Фрунзе көчөсү менен кесилишинде).

Кошумча маалымат БУЛ ЖЕРДЕ
#сакта #защити #словодоктору

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
covid.kg
Где делают КТ и рентген легких в Бишкеке?

🏥КТ и рентген
📌"Авиценна", ул. Джунусалиева, 83, перес. ул. Гагарина;
📌Vedanta, ул. Фучика, 34, перес. ул. Рыскулова;
📌"Кортекс", ул. Уметалиева;
📌"Меди", ул. Суеркулова, 5/3;
📌Tomex, ул. Панфилова, 165 (между ул. Боконбаева и ул. Московской).

🏥КТ
📌Sistem, ул. Юнусалиева, 57, перес. ул. Скрябина;
📌"АЮ Медикал", пр. Дэн Сяопина, 2б;
📌ЮРФА, ул. Токтогула, 135.

🏥Рентген
📌Neomed, ул. Орозбекова, 46;
📌"Здоровье", ул. Гоголя, 133, перес. ул. Фрунзе.

Дополнительная информация ЗДЕСЬ

#сакта #защити #словодоктору

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
covid.kg