Штаб КР по COVID-19
7.79K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
Сасык тумоону үйдөн кантип дарылоо сунушталат?

Сасык тумоонун мүнөздүү өзгөчөлүгү – дароо башталганы: ооруган адамдын бир заматта алы кетип, дене табы көтөрүлөт. Дарыгерлер инфекциянын жайылышына жол бербөө үчүн үйдөн чыкпоону сунушташат.

Үйдөн дарыланууда башкысы жатып эс алуу зарыл – көп уктап, эс алуу керек.

Суюктук ичүү маанилүү: суу, морс, кантсыз суусундуктар. Заара аркылуу организмден керексиз заттар, токсиндер активдүү чыгарылат. Инфекциялык козгогучтар үчүн жагымсыз шелочтуу чөйрөнү түзгөн минералдык суу пайдалуу. Тамак жеңил жана белоктуу болушу кажет. Оору учурунда канттан баш тартуу оң.

Эгерде кургак жөтөл пайда болсо, какырыкты суюлтуучу каражаттар көрсөтүлгөн.

Демейде дене табы 38 градустан жогору болгондо температураны түшүрүүчү дары-дармектер колдонулат. 16 жашка чейинки балдарга аспирин берүүгө кескин тыюу салынган (Рейе синдромун пайда кылышы мүмкүн). Боору ооруган бейтаптарга парацетамол ичүүгө таптакыр болбойт (токсиндүү).

Сасык тумоо сыяктуу респиратордук инфекцияларда антибиотиктер колдонулбайт. Аларды өз алдынча колдонууга эч болбойт, бул дарыларды дарыгер гана жазышы керек!

Абал начарласа, дарыгерди же тез жардам кызматын чакыруу зарыл!

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#бустер
#covid
#сасыктумоо
#иммунитет