Штаб КР по COVID-19
7.85K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
🦠XE коронавирусунун жаңы варианты (рекомбинанттык)

📣Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо агенттиги (UKHSCA) өлкөдө COVID-19 омикрон штаммынын жаңы мутациясы табылганын жарыялады.

📌UKHSCA маалыматы боюнча, бул XE коронавирусунун жаңы варианты - рекомбинант деп аталган BA.1 жана BA.2 штаммдарынын мутациясы. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, омикрон-XE таралышы стелс-омикронго караганда 9,8% жогору.

❗️UKHSA башкы медициналык кеңешчиси профессор Сьюзен Хопкинс рекомбинанттык варианттар сейрек кездешээрин жана адатта "салыштырмалуу тез" жок болуп кетерин айтты.

▶️ "Вакцинанын жугуштуулугу, катаалдыгы же натыйжалуулугу жөнүндө тыянак чыгаруу үчүн азырынча жетиштүү далилдер жок", - деп жазган Independent анын сөзүнө шилтеме берүү менен.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#сакта
#эмдөө
#коронавирус
#жаңыштамм
🔔“Omicron" башкаларга окшош эмес, ал коркунучтуу

🦠Ковиддин жаңы штаммы "омикрон" күтүүсүздөн, эмдөөнү тоскоолдук катары көрбөй, аны айланып өтүп, дүйнө жүзүнүн ар кайсы жерлеринде пайда болууну улантууда.

📈Гонконг эки жыл бою дүйнөдөн дээрлик толук обочолонгондон кийин пандемия башталгандан бери рекорддук өсүшкө жана өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчүнө ээ болду. Гонконгдо өзгөчө 80+ калкынын тобунда эмдөөдөн өтпөгөн адамдар көп болгондуктан, оору алардын өлүмүнө алып келди. Бул жерде табыттардын жетишсиздигинен, каза болгондор картондон жасалган кутуларга көмүлө баштады.

❗️"Омикрон" башка штаммдарга окшош эмес, ал коркунучтуу, бирок мурда ооруп калган же эмдөө алган адамдарда жеңил өтөөрү белгиленген.

Эмне үчүн коопсуз болгон Гонконгдо кайрадан оору күчөй баштаган?

▶️Кытайдын кулпулоо саясаты бар, алар эки адам ооруп калса, 8 миллион адамды карантинге чыгарып коюшат. Оорулардын деңгээли төмөн болгон, бардыгы Ухань штаммы менен эмдөөдөн өткөн, ал эми “омикрон” штаммы мурункулардын баарынан абдан айырмаланып турат. Бул убакыттын ичинде дүйнөдө коронавирустук мутациялар топтолуп, Кытайдагы инфекциялардын тизмеги так ошол жерден үзүлгөн, чынында бул штаммдар менен ооруган адамдар дээрлик жок. Ошондуктан кытайлардын өздөрүнө тийиштүү иммунитети болгон.

Кошумчалай кетсек, Гонконгдун калкынын жыштыгы 7,5 миллион адам.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#сакта
#эмдөө
#коронавирус
#жаңыштамм