Штаб КР по COVID-19
7.68K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ковид кант диабети бар бейтаптардын оорусунун күчөшүнө алып келеби ?

Суроого эндокринология борборунун бөлүм башчысы КАЙЫРГҮЛ ЖООШБАВАНЫН жообу

COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#защити
#вакцинызащищают
#вакцинация2022
#ревакцинация2022
#вакцина
#ковид
#омикрон
#кантдиабети
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кант диабети менен ооруган бейтаптарды вакцина алышына каршы көрсөтмөлөр жокпу?

Суроого эндокринология борборунун бөлүм башчысы КАЙЫРГҮЛ ЖООШБАЕВАНЫН жообу

COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#защити
#вакцинызащищают
#вакцинация2022
#ревакцинация2022
#вакцина
#ковид
#омикрон
#кантдиабети
💉COVID-19га каршы аллергиялык реакциялар, кант диабети жана бөйрөк оорулары бар адамдарды, каршы көрсөтмөлүшү мүмкүн. Жогоруда аталган адамдарды эмдөөгө болобу же жокпу деген суроого адистер жооп беришет.

📌Аллергиясы бар адамдар үчүн

Аллергиясы бар адамдар башкалардай эле эмдөөдөн өтө алышат. Эмдөөнүн алдында болгону дарыгер менен кеңешүү зарыл. Оору күчөп турган жана анамнезде анафилактикалык шок же Квинке шишиги бар болгон учурда гана эмдөөгө уруксат берилбейт. Ал эми тыныгып турган учурда эмдөөгө болот.


📌Кант диабети

Кант диабети менен ооруган адамдар сөзсүз эмдөөдөн өтүшү керек. Дарыгерлер эмдөөдөн өтүп, өзүн вирустан коргоо керектигин айтышат. Анткени, кант диабетине чалдыккан бейтаптар COVID-19 оорусунун оор түрүнө кабылышат. Эмдөөнү кабылдоолору күчөп жаткан учурда гана токтотуп турууга болот.

📌Бөйрөк оорулары

Бөйрөк оорулары бар адамдар эмдөөдөн өтүшү керек. Өзгөчө гемодиализ менен дарыланып жаткан бейтаптар эмделүүсү керек. Эмдөө дарыгер менен кеңешип, бөйрөктүн ишин, кан басымын текшергенден кийин жасалат. Бир гана оору күчөп турган убакта эмдөөгө болбойт.


🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#коронавирус
#аллергия
#кантдиабети
#бөйрөкоору
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ковид калкан бездеринин сезгенишине алып келеби?

Суроого эндокринология борборунун бөлүм башчысы КАЙЫРГҮЛ ЖООШБАЕВАНЫН жообу

COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#защити
#вакцинызащищают
#вакцинация2022
#ревакцинация2022
#вакцина
#ковид
#омикрон
#кантдиабети
#калканбездер
🦠COVID-19дан каза тапкандардын 65% жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркагандар

📊Кыргызстанда 2021-жылы COVID-19ду жуктуруунун 103 592 учуру катталган. 1446 адам каза таап, алардын жарымында коронавирус лабораториялык түрдө, калгандарында клиникалык-эпидемиологиялык негизде, б.а. белгилери жана илдетти жугузгандар менен байланышта болушу боюнча аныкталган.

📌Жаш курагы боюнча

Саламаттыкты сактоо министрлигинин талдоосуна ылайык, республика боюнча адам өлүмүнүн жалпы көрсөткүчтөрүнөн жогору болгон адам өлүмүнүн эң жогорку деңгээли 60тан өйдө жана 90 жаштан жогору курактагы улгайган адамдар арасында катталган.

Адам өлүмүнүн эң төмөнкү көрсөткүчү 0-6 жаштагы балдар арасында белгиленген. Бирок 7-17 жаш курагындагыларга салыштырмалуу COVID-19ду жуктуруунун натыйжасында жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана эмчектеги балдар арасында өлүм учурлары расмий түрдө катталган.

📌Жынысы боюнча

Адам өлүмүнө алып келген учурлардын көпчүлүгү 60-69 жаштагы эркектер арасында катталган.

📌Аймактар боюнча

Адам өлүмү, ошондой эле коронавирусту жуктуруу учурлары көбүнесе Бишкекте катталган. Борбор калаада 2021-жылы бул илдеттен 868 адам көз жумган. Бирок 100 миң адамга алып эсептегенде адам өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында белгиленип, республикалык көрсөткүчтөн 1,75; 1,5 жана 1,2 эсе ашык болгон.

📌Себептери

Кеч кайрылуу

- бардык катталган учурлардын 45% адамдар оору башталган соң 5 күндөн кийин кайрылышкан.

Өнөкөт оорулардын болушу

- бейтаптын жаш курагы канчалык жогору болсо, өнөкөт оорулар ошончолук көп болот.
60 жаштан жогору адамдарда 4 жана андан ашык ар түрдүү өнөкөт оорулары болот. Мисалы, жүрөк-кан тамыр оорулары, шишиктер, эндокриндик системанын оорулары (кант диабети, семирүү), дем алуу жана тамак сиңирүү системаларынын оорулары, бул коронавирус инфекциясынын оор өтүшүнө жана ар кандай татаалдашууларга алып келет.

Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун арасында эң көп кездешкен үч өнөкөт оору:

1⃣ Жүрөк-кан тамыр оорулары (каза болгондордун 65%)
2⃣ Боор оорулары (20%)
3⃣ Кант диабети (15%)

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб

#ЭмдөөСактайт
#Сакта
#коронавирус
#өнөкөтоору
#жүрөкоору
#кантдиабети
#эмдөөдөнөтүңүз
COVID-19дан кийин бир жылдын ичинде кант диабетине чалдыгуу ыктымалдыгы 40% жогору

COVID-19дун курч фазасында углеводдун алмашуусунун бузулушу бейтаптардын арасында көп байкалат, бул кант диабетинин өрчүшү үчүн өтө коркунучтуу болуп саналат. Бул изилдөө тууралуу илимпоздор «The Lancet Diabetes and Endocrinology” эл аралык журналына билдиришти.

Оорунун алгачкы 30 күнүн өткөргөн 180 миңден ашуун SARS-CoV2ге чалдыккан бейтаптпр 352 күн бою окумуштуулар тарабынан көзөмөлдөнгөн. Белгилей кетсек, алардын бири дагы мурда кант диабети менен ооруган эмес. Изилдөөлөрдүн маалыматтары кант диабети көбүрөөк аныкталган COVID-19 менен ооруп айыккан байкоо тобу менен салыштырылган.

Ошондой эле, кант диабети курагы 65 жаштан ашкан, жүрөк-кан тамыр оорулары, ашыкча салмак же семирүүдөн жабыркаган адамдарда көбүрөөк аныкталган.

Бирок изилдөөнүн маалыматтары боюнча кант диабети менен ооруп калуу коркунучу төмөн адамдарда кант диабети менен ооруп калуу ыктымалдыгы өсүүдө.
Айрым окумуштуулар кант диабетинин пайда болуу тобокелдигинин өсүшү автономдук дисфункциянын өнүгүшү, иммундук системанын дисбалансы, аутоиммундук агрессия, вирустун көбөйүшүнүн фонунда өнөкөт сезгенүү менен байланыштуу деп эсептешет. Башкалары, ковидди башынан өткөргөндөн кийин жашоо образын өзгөртүүгө байланыштырышат.

Кандай болсо да, аныкталган көйгөй медициналык коомчулуктун көңүл буруусуна татый турганын эксперттер айтышууда.


🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ЭмдөөСактайт
#ВакциныЗащищают
#эмдөө
#вакцина
#кантдиабети