МЕН БИЗНЕСМЕН
590 members
8 photos
2 videos
9 links
💡 Бизнес идеялар
💰 Бизнес макалалар
📔 Бизнес сабактар
💎 Бизнес кылуу жолдору
🔌 Бизнес кылууга шыктандыруулар
💸 Бизнесмендердин ийгиликтери

Кызматташуу үчүн байланыш
@kg_jarnama
Download Telegram
to view and join the conversation
… деп дүкөнүмө баш багып киргенде эле баягы чоң дүкөнүм эңгиреп бош. Кирген адамдардын анча-мынчасы «Көчүп кетип жатасыңарбы?» деп дагы сурап ала жаздачудай.

Эмеректерди каршы-терши коюштуруп жатып бул абалды азыраак оңдогондой болдум. Ээн турган дубалга бирден оокат илип койдум. Эгер илинип турган оокаттын ээси табылса орду бош калат. Бир бурчуна тааныштардын компьютерлерин жыйнап келип тизип койдум. Баардыгы 3 компьютер: Бирөө жакшы иштейт, экинчиси кааласа иштейт, үчүнчүсү такыр иштебейт.

Эми дүкөнүм жөн гана мобилдик дүкөн эмес интернет-кафе дагы болуп калды. Дүйнөнүн ири компаниялары дагы мындай реформа жүргүзө албаса керек.
Ошентип, «баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши» дегендей, дүкөнүмдү тааныштар алыстан эле көрсө экен деп уялгандай болуп жүрдүм. Кирбегендери өзүлөрүнө эле жакшы, «охоо дүкөн ачыптыр» деген ойлорун «дүкөн ачканбыы же, эмне ачкан…» деген ойго өзгөртүп кызык болуп отурушпайт.

Мындай жагдайда азыраак жүргөн соң дүкөнүм базарга көчтү. Имаратым жайлуу, соодам жандуу боло баштады. Оокатым көбөйүп, уялганым кете баштады. Бара-бара кардарларым арбыды. Жөн гана дүкөн болбой, телефондун программасын жаңылай турган, «бекинип алган» телефондорду кулпусунан чыгара турган, демдеп-сомдоп оңдой турган жайга дагы айланды. Кыскасы, кардар телефонго байланыштуу бардык маселесин чечип кете турган болду. Азыркы заманда кардарлар үзүлбөй турган жайлардын биринчиси автоунаа оңдогон жай болсо, экинчиси телефон оңдогон жай. Адамдардын ден-соолугун оңдогон жай дагы анчалык кардарды тээлебейт. Жада калса телефондорун көтөрүшүп үйүмө чейин келе башташты.

Мен БИЗНЕСМЕН
@KG_biznesman
Бул көп сөз менен эмнени айткым келип турат?
Эгер акчаңыз кеңири болуп, «Баланча акча жумшайсың» деп бизнес-пландын сиз күткөн суммадан 2-3 эсе чоң акчаны айтканына жүрөгүңүз «солк» этип «Атаңдыын көрү дүнүйө» деп чочубасаңыз, илгертен бери ойлонуп жүргөн ишиңизге кол шилтеп басып кетпесеңиз, албетте бизнес-план мыкты жардамчы. «Жакшынакай түзүлгөн бизнес-план бизнесиңдин жарымы аткарылганынан кабар берет» деген дагы сөз айтылып келет. Бизнес-пландын негизинде иш кылган адам ашыкча дагы кем дагы кадам таштабайт.

БИРОК, Сиз, мага окшогон карапайым адам болсоңуз, «100 миң менен бизнес баштаса болот» деген ишеничте турсаңыз бизнес-планды түзбөй эле ишиңизди баштаганыңыз оң болот. Анткени, манжаларды жумуп санай баштасаңыз эле 100 миңдик бизнесиңиз 200 миңден ашып түшөт. Сиз буга чейин акча табуу үчүн бизнес кылууну көздөп жүргөн болсоңуз, эми, бизнес кылуу үчүн акча табыш керек болуп калат. «Кичинекей бизнес үчүн 200 миң сом керектелеби? Ал акчаны качан актап бүтөт?» деген суроолор көбөйүп бизнеске болгон шыгыңыз, мотивацияңыз акырындап өчө баштайт.

Албетте, бизнес плансыз иш эффективдүү болбойт. Бирок, бизнес планды ишти ачкандан кийин түзүү – бизнести баштабай коюуудан сактайт. Адам өзү жашоосунда муктаждыгы жок болсо ыңгайлуу жашоосунан (зона комфорта) чыгып, терин төгүп иштешти каалабайт, бирок, жайлуу жашоодон чыгып, тердеп-кургап иштөөгө мажбур болсо бардык ресурсун, эмгегин ал жакка жумшайт. Ошол себептен, 200 миң акча жумшоо керек экенин эрте түшүнүп алса, кол шилтеп басып кетиши мүмкүн. «Баары жакшы болуп турса жанымды кыйнап эмне кылам, мурдагыдай эле жалданып иштей берем». Ал эми, «апеей кокуй, 100 миң жетпей калды го, дагы 100 миң табыш керек болуп калды #атаңдыноозунурайын» деген сезим бул кошумча тепки-мотивация. 100 миң сомун салган адам үчүн ишин таштагандан көрө дагы 100 миң табуу пайдалуурак болсо керек.

Эгер чөнтөгүңүз жетиштүү калыңдай элек болсо, бизнес баштаарда жана үй салаарда чыгымдын баарын эсептеп, бизнес-план түзбөй турган жакшы. Алты жыл чогултуп жүрүп 6000 миң долларга 6 сотых жер алып, 2 бөлмөлүү үйдүн чыгымын эсептей салсаңыз 10 миң долларга чыгып кетсе, «Даагы 10 жыл ичпей-жебей үй саламынбы» деп келечегиңиз караңгылап баштайт. Эгер адамдын шыгы, каалоосу сынса демек, тапанча такап дагы иш кылдыра албайсың. Адамдын аң сезимине тосмо коюлган болсо канча акчасы болбосун ишти кыла албайт. Ал эми аң сезими эркин болсо жетишсиз акча менен дагы иш кылат.

Мен деле кыйратып миллионер болуп кеткеним жок. Дүкөнүм алты кабат, үйүм жети кабат болуп, «Forbes» журналына жеткеним жок. Бирок, мен көп нерсеге үйрөндүм. Бизнестен тапкан башкы пайда акча эмес, тажрыйба, билим, аң-сезимдин өзгөрүшү экенин түшүндүм. Миллионер дагы, бизнесмен дагы акчасы менен эмес, акылы, ой-жүгүртүүсү, аң сезими менен миллионер, бизнесмен боло турганын акылым аңдап биле баштады.
Бизнес-план тууралуу окуган сайын, «эгер 100 миңге иш баштаарда чыгымдарын эсептеп көрүп, бизнес-план түзгөнүмдө ишим башталбай калмак беле» деп ойлонуп калам. Ал убакта кошумча 100 миңди тапмак тургай негизги 100 миң табуу оор болгон, жана андан ашык акча жумшоого аң-сезимин жол бербей эле…

Мен БИЗНЕСМЕН
@KG_biznesman
КРИЗИС 2020 - ЗЫЯНЫ КӨППҮ ЖЕ ПАЙДАСЫБЫ?

Дүйнөнүн финансы серепчилери 2020 жылы кезектеги дүйнөлүк кризис болоорун айтып келишкен. Кризис десе төбө чачы тик туруп, уйкусу бузулуп, жашоо шарты төмөндөшү менен бирге ден соолугу дагы солгундаган адамдар ааламда арбын. Жапон эли менен бирге 2 жыл жашап келген Нуржигит Кадырбеков агабыз жапондордун сыпаттарын санап келип мындай мааниде жазганы бар: «Жапондор ар бир тыйынга, ар бир чыгашага так болуп, кокусунан болгон жоготууларды жүрөгүнө жакын алышат. Кризис башталганы сезилсе сарысанаа болгон жапондордун арасында өзүн-өзү өлтүрүүлөр көбөйө түшөт».
Ал эми кыргызстандыктар болсо «дүйнөлүк державаларды титиретип турган кризис Кыргызстанды көргөндө өзү качат» деп тамашалап, анчалык кененчиликте жашабаган соң анча-мынча кризисти деле байкабай калат окшойбуз. Анан да «кандай заман болбосун ырыскыбыз Жараткандан» деп билип, ыйманыбыздын жардамы менен көпчүлүк учурду камаарабастык менен жеңип чыккандайбыз.

Антсе дагы «кризис» деген эмне экенин түшүнүп алсак ашыкча болбос. Себеби, кубулуштар канчалык бизге тааныш болсо ошончолук коркунучсуз болуп калат эмеспи. Бул түшүнүктү дүйнө миллиардери, ойлоп тапкыч, мыкты менеджер Илон Маск мындай түшүндүргөн «Кичинемде караңгылыктан аябай коркот элем. Бирок, качан караңгылык бул жөн гана жарыктын жоктугу экенин түшүнгөн соң коркунучсуз бир кубулушка айланды».

«Кризис»
- бул көпчүлүк түшүнгөндөй жумушсуздук, банкроттук, ачкачылык сыяктуу үрөйдү учура турган түшүнүк эмес.
«Кризис» сөзүнүн кытай тилиндеги маанисинин бири бул – «мүмкүнчүлүк». Кризис – буга чейинки финансылык, бизнестик ыкмалардын, методдордун, стратегиянын, закондордун эффектисин, иштешин жокко чыгарып, кризистен кийинки учурда алардын ишке жараксыз экенин айгинелеп, «жаңы заман» жаңы ыкманы, мурункудан башкача мамилени талап кылаарын көрсөтөт. Кризис – бизнести кайрадан жүргүзүп, орусча айтканда «перезагрузка» кылып, жаңы касиеттерге байлап, жөнөкөй адамдар үчүн жаңыча иш баштоого мүмкүнчүлүк түзүп берет. Дагы деле эскиче ойлонгон, мурдагыдай ыкманы колдонгон адамдар пайда таба албай калат. Себеби, кийинки бизнес жаңы программага, жаңы «тетиктерге» ээ болду.
Бизнестин дөө-шаалары менен үйүндө отуруп иштеген жөнөкөй адамдын мүмкүнчүлүктөрү теңелди. Бизнес кандай жаңыланганын түшүнгөн адамдын иши илгери болот. Ал эми дайым изденип, окуп, өзүн өнүктүүрүн үстүндө жүргөн ынтызар адамдар сыйпалап, тез эле жаңы бизнестин жаңы закондорун таап алат.

Ошондуктан, айрым адамдар кризистин келишин чыдамсыздык менен күтүп, кубануу менен тосуп алышат, себеби алар кризисти эмес жаңы мүмкүнчүлүктү күтүшөт.

Мен БИЗНЕСМЕН
@KG_biznesman
СООДАГЕР КЫРГЫЗ

Тее 90-чу жылдары, кыргыз мамлекети менен бирге ар бир жараны дагы өз алдынча жашоого өткөн мезгилде карапайым калк колунан келгенин кылып жан багып турган. Илгерки баарын даярдап берген коммунизм жок. Демократияны көздөй бет алган жаңы мамлекет элди тургай өзүн эптей албай жаткан мезгил. Калктын калың катмары мал-чарбачылык менен дыйканчылыкты көздөй оосо, анча-мынча кыргызстандыктар азыркы салттуу бизнестин башаты болгон соода ишине киришкен. Айрымдары соодага максаттуу киришкен болсо, кыргыздардын көпчүлүгү аргасыздан алектенгендей болду. Соода кылса башкалар менен кылып, калк ичинде алыш-бериш каадасы кенен жайылган берешен кыргыз үчүн бир нерсе сатуу – уят дегендей түшүнүк бар эле. «Базарда отургандан уялат элек. Таныштар көрүнүп калса жашына калып, жетишпей калсак аларман болуп кубулуп кутулат элек» деген азыркы бизнесмендердин эскерүүлөрүн угуп калабыз. Бирок, жашоо дегениң баарына көндүрөт тура. Бир кезде соодадан уялган кыргыз кийин сооданын чебери болуп чыкты го. «Бир кардар чапан сурап келди. Акыркы чапанымды кийгизсем «тар» дейт. Жонунан чечип алып товар салган чаар баштыгымды калдыратып кайра эле ошол чапанымды алып чыгып кийгиздим. Бир жери кысып жатканын айтты эле. «Бир өлчөм чоңун берейин анда» деп чапанын чечип алып, баягы баштыгымды кайра калдыратып, ошол эле чапанымды кайра эле алып чыгып, кийгиздим эле, ары каранып, бери каранып атып кийип кеткен» деп бир соодагер күлдүргөн эле.

Албетте, мындай кылуу сооданын адебине жатпайт. Бул мисал, болгону, бир убакта соода тууралуу кичинекей дагы түшүнүгү жок кыргыз канчалык деңгээлде сооданын сырларын өздөштүргөнүнөн кабар берет.

Мен БИЗНЕСМЕН
@KG_biznesman
INSTAGRAM, YOUTUBE, TELEGRAM АРКЫЛУУ АКЧА ТАПСА БОЛОБУ?

Илгери бала кезде 25 май майрамында мектептин тегереги соодагерлерге толуп калат эле. Ашлянфусун жасап жатканы бар, майда-чүйдө таттууларын сатып жатканы бар, балмуздагын, таттуу токочун, пирожкисин саткандар бар, ал гана эмес сүрөткө тарткандар дагы болот эле. Баарысы тең кирешелуу болгон соодасына кубанышып акырында жыйналып кетишчу. Көрсө, ошол майрам соодагерлер үчүн адамдарды кеңири жыйнап берип чоң бир базар, же соода кылууга аянтча түзүп берчү экен. Кайсыл жерде адам көп болсо соодага болгон муктаждык дагы ошончолук көп жана соодагерлер дагы ошончолук кеңири болот. Ал убакта адам жыйнаганга артисттер менен бийлик-оппозициячылардын гана колунан келсе, азыр каалаган адам чогулта алат. Бирок, виртуалдуу.

Көпчүлүгүбүз Instagram, Youtube, Telegram тармактарына сүрөт, видео, макала ж.б. көргөнү кирип, бир каналдан бир каналга, тагыраагы, «бир базардан бир базарга» өтүп кыдырып жүрсөк, айрымдары ошол базарларды уюштуруп, болушунча кеңейтип, көбүрөөк адам батырыштын, көбүрөөк адам чакырыштын аракетин кылып жүрөт. Илгеркилер базарына «Көргөн дагы арманда, көрбөгөн да арманда, мындай мыкты оокатты, таба албаарсың жалганда» деп чакырышса, азыркылар «базарына» «ШОК!!! СӨССҮЗ КӨР!!! Мындайды эч ким күткөн эмес! Өчүрө электе көрүп кал! Секретный тасма ачыкка чыкты! ОМИИЙ! МЭЭ САГА! ЖАРДЫ! ӨЛДҮ!» деп катуу кыйкырышып чакырып калды. «Мейли эми» деп бара калсаң «Каналга жазыл, ПодписатсАны бас, лайк басып кой, анан бөлүшүп кой» деп суранышып, кыскасы «базарынан» кетиргиси келбейт.

«Эмне үчүн мындай катуу аракет менен иштеп жатышат, анын эмне пайдасы баар» дейсизби?
Эгер, сиздин интернетте «базарыңыз» болсо, ишиңиздин илгерилешине чооң жардам берет. Ал жерден кааласаңыз жарнамалап оокатыңызды сатасыз, өзүңүздүкү түгөнсө башканын оокатын жарнамалап сатышасыз. Ал эми бизнестин, сооданын кыймылдаткычы бул – жарнама. Адам көп чогулган аянтча түзсөңүз жарнама берүүчүлөр өзүлөрү Сизди таап келишет. Сиз жарнама бересиз, кардар оокатын сатып пайда табат, аларман оокаттуу болуп пайда табат, сиз биринен алып экинчисине берип коюп пайда таап отура бересиз. Баары пайда табышты, баары ыраазы.

Кыскача айтканда соц тармактар аркылуу иштете турган бизнес-идеялар өтө эле көп: Колуңуз эптүү ууз болсоңуз оригиналдуу мээлей, байпак, шарф сыяктуу оокаттарды, табият менен таттуу мамиледе болуп гүл сүйүүчүсү болсоңуз гүлдүн түрүн өстүрүп, кол өнөрчүлүк менен эрмектегенди жактырсаңыз колуңуздан чыккан ар-кандай буюмдарды интернет аркылуу үйдө отуруп эле ашыкча машакатсыз сатсаңыз болот. Андыктан, пайдасыз маалыматтарды карагыча, азыртадан баштап бизнес жаатына баш бага бериңиз.

Ии, баса, «Каналга жазылыңыз, бөлүшүп дагы койсоңуз жакшы болот».

Мен БИЗНЕСМЕН
@KG_biznesman
АСМА КЕРЕБЕТ (ГАМАК) ТОКУП САТУУ

Ачык асман алдында, короодо же балкондо термелиип, абада калкып жатуу денеге чоң ырахат тартуулайт жана адам психологиялык, физикалык, моралдык жактан эс алат. Мындай абалда китеп окуу, уктоо же жөн гана кыялданып жатуу дагы да ырахатты күчөтөт. Ал эми мындай сезимдерди «гамак» деп аталган асма керебет тартуулай алат.

Мындай терметүүчү керебеттин жасалышы татаал эмес жана атайын «станокту» дагы талап кылбайт. Ал эми кеткен чыгымы болсо чөнтөгүңүзгө билинбей деле калышы мүмкүн.

Керектелүүчү нерселер:
50-60 см болгон 2 даана жыгач
Калыңыраак жип (шпагат жип деле жарай берет)
2 даана кичинекей шакекче

Ушундай минималдуу чыгымдар менен узуну 2 метрден ашкан жакшынакай бир асма керебет чыга келет. Бир керебеттин өздүк наркы 500 сомдун тегерегинде болсо, ал эми Сиз аны даанасын 1500 сомдон сата аласыз. Эгер Сиз токуганга бир адам жалдап жана айына 60 даана керебет жасатсаңыз, материалга 30 000 сом жана эмгек акыга 30 000 сом чыгымдасаңыз, өзүңүз 30 000 сом киреше көрөсүз. Ал эми массалык түрдө сатууга чыгара алсаңыз, токуганга кошумча башка адамдарды дагы жалдасаңыз болот. Жалданган адамдардын акысын ар бир даанасына 400-500 сом кылып коюуу туура болот. Мындай шартта аларга болушунча көп керебет токууга стимул бересиз. Жалаң гана 2 метрлик чоң керебет жасай бербестен, кичинекей балдар үчүн дагы 1 метрлик керебет токуп 1200 сомдон сатсаңыз кардарларыңыздын аймагын кеңейткен болосуз.
Эгер соодаңыз жакшы болуп, суроо-талап көбөйгөн болсо, анда асма керебеттердин таардан жасалган, материалдан жасалган, токулган, токулбаган ж.б. түрлөрүн жасап, товарыңызды ар кандай түрдө сунуштасаңыз болот.

Товарыңызды сатуу үчүн Инстаграм, Телеграм, Фейсбук сыяктуу социалдык тармактарды колдонгонуңуз ыңгайлуу болот. Себеби, жарнамалоо жеңил жана продукцияңыз уникалдуу болгондуктан социалдык тармактарда тез тарап кетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Эгер, «бул, асма керебет –100 пайыз кубаныч тартуулай ала турган мыкты белек» деген сыяктуу ураанды жайылта алсаңыз, белеке эмне берээрин билбей жүргөн адамдарды дагы дүкөнүңүзгө тарта аласыз.

Ал гана эмес жакшынакай мукабага ороп, «Уйкуну жакшы көргөн жалкоо досума» деген сыяктуу тамашалуу жазуусу менен сунуштасаңыз дагы белектин оригиналдуулугун далилдей аласыз жана онлайн дүкөнүңүз белек сунуштай турган дүкөнгө айланат. Андай болсо асма керебеттен тышкары ондогон, балким жүздөгөн оригиналдуу белектерди дагы сунуштасаңыз болот. Ал жагы жеке өзүңүздүн фантазияңыздан, креативдүүлүгүңүздөн көз каранды.

«МЕН БИЗНЕСМЕН»
@KG_biznesman

Асма керебеттин токулбаган түрлөрү
ШОРО КОМПАНИЯСЫ КАНТИП ИЙГИЛИК ТАПКАН

Азыркы убакта ШОРО компаниясы эң ири кыргыз компанияларынын бири. Шоро продукциясын өлкө ичинде гана эмес чет өлкөлөргө дагы кеңири экспорттоп турат. Мындай ири компаниянын жаралуу тарыхын изилдеп көргөн адам өтө чоң сабак алат.

Компания 1992 жылы Табылды жана Жумадыл Эгембердиевдер тарабынан негизделген. Ал убак азыркыдай кененчилик мезгил эмес эле. Мамлекет жаңы гана реформаларын баштап өз алдынчалык жолуна аттанып турган. Мамлекет ал кезде, жада калса улуттук валютасын дагы кабыл ала элек болчу.

Мындай кыйын кырдаалда ШОРО компаниясы кантип ийгиликке жете алды жана ийгилигинин сырлары эмнеде? Бул компаниянын тарыхын барактап көрүп, бизнесмен болууну каалагандар кандай сабак алса болот, анализдеп көрөлү.

Биринчи сабак: Шоро кардарлар үчүн бейтааныш эмес, тескерисинче, оо атам-замандан бери кыргыздын турмушунда байма-бай колдонулуп келген улуттук суусундуктун түрлөрүн жаңы технологиянын негизинде сунуштады.
1992 жылы 25-майда 80 литр максымды үй шартында, кол менен жасашып кардарлардын назарына коюшкан. Кийинчерээк 80 литрди түзгөн күнүмдүк өлчөм 1,5 тоннага жетип, жумушчулардын саны 25ти түзгөн.

Кардарларга тааныш эмес продукция чыгарган шартта аны элдин калың катмарына таанытыш үчүн кошумча күч, акча, убакыт ж.б. керектелет. Бул жагынан - Шоро эч бир күч жумшабастан, биринчи күндөн тартып эле, кардарларына тааныш, жети атасы ичип жүргөн суусундукту сунуштай алды.

Экинчи сабак: татаал технологияны, атайын жасалчу техниканы талап кылбаган продукцияны тандоосу.
Илгертен бери эч бир кыйынчылыксыз жасалып келинген максымды массалык түрдө чыгаруу чечими – компанияны ийгиликке жетелеген себептердин бири. Анткени, продукцияны чыгаруу үчүн Кытайдан же Европадан кымбат баалуу техниканы сатып алуу муктаждыгы жаралмак эмес.

Үчүнчү сабак: Бизнести баштоого олчойгон акчаны талап кылбастыгы.
Компания өз ишин - ижарага алган имаратсыз, продукциянын идишисиз, татаал техникасыз баштаган себептүү башка бизнестер сыяктуу көп чыгымга дуушар болгон эмес. Эмгек акысын -тапкан акчасынан алган жумушчу, ачык асман алдында отуруп, арзан идишке куюп берип соодасын кыла берген.

Ошентип, жөнөкөй идеянын, жөнөкөй кадамдын негизинде баарыбыз тааныган компания келип чыккан.

Кардарларга тааныш болгон продукцияны сунуштаган, татаал технологияны, башталышында чоң акчаны талап кылбаган бизнес ийиликке жетээрин Шоро компаниясы далилдей алды.

Андыктан, мындай бизнес-планды колдонуп, кыргыздын дагы да башка улуттук тамагын, ичимдигин калың журттун назарына алып чыкса болот.

МЕН БИЗНЕСМЕН
@KG_biznesman

Төмөндө Мыктыбек Арстанбек агайдын youtube каналынан алынган Шоро компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев менен 1995 жылдагы интервьюсун сунуш кылабыз
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Шоро компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев менен маек.
1995 жыл.
"Мыктыбек Арстанбек" youtube каналынан алынды
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
"Илгери тачка түртүп барып миллионер болгон кыргыздар көп"
Табылды Эгембердиев

💰Бизнес тууралуу кызыктуу канал
@KG_biznesman
БИЗНЕС ИДЕЯ: ОНЛАЙН АШКАНА

Эгер ашпозчулук менен алектенүү сиздин хоббиңиз болсо жана убактыңыздын көбү ашканада өткөнүнө куштар болуп сыймыктансаңыз, тамакты түрлөп жасаганды кийимди түрлөп кийгенден дагы жакшы көрсөңүз, ашканаңыздан үйүлгөн чымындар адамдар үзүлбөсө, кыскасы, ашкананын «атасы» болсоңуз, анда эле сизге СҮЙҮНЧҮ! Эркектин шилекейин агыза турган мындай келбетиңиз жөндөмүңүз Сизге чөнтөгүңүздү кампайта турган акчаларды, жолдошуңуздун шымын шыпыра турган тыйындарды табууга себеп болот. Адатта, мындай аялдар тамагын тамшанып жегендерди көрүп сүйүнүп, маашырланып, чакан ашкана же кафе, ресторан ачууну дагы кыялданбай койбойт.

Биз сиздерге уп-уникалдуу суп-сунуш кылабыз.
Азыркы шартта, качандыр бир убактагы ашкана ачуу кыялыңызды эч кандай ашыкча акча коротпостон ача аласыз. Анткени, ашканаңыз имаратка, отургучтарга, жасалгалоого, патентке, документке ж.б. зарыл болбойт. Анткени сиздин ашканаңыз онлайн ашкана болот. Интернет баракчаңызды кафе катары жасалгалап, колуңуздан чыккан ар кандай улуттук тамактар же пиццанын түрлөрү болсун, Наполеон сыяктуу таттуу токочтор же Цезарь сыяктуу салаттар болсун, көргөндүн шилекейин агыза тургандай кылып сүрөткө тартып туруп, виртуалдуу аштизмегиңизге тизип койосуз.
Кардар Сизге буйрутма берет, Сиз жеткирип берүүчү кызматтардын жардамы менен кардардын колуна жеткиресиз. Акчасын буйрутма берип жатканда электрондук капчыкка төлөгүдөй кылсаңыз болот, же жеткирген кызматчынын колуна берсе дагы болот. Жеткирип берген акысын кардар өзү төлөйт.
Буйрутмалар көбөйгөн маалда ашканаңызга жардамчыларды жалдасаңыз, жеткирип берүүгө адамдарды алып, жекече жеткирүү кызматын ачсаңыз дагы жакшы. Үйүңүзгө муздаткыч, кеңири ашкана, тамактарды жеткирүүдө колдонулуучу картон мукаба сыяктуу минималдуу чыгымдарды жумшап толук кандуу иштеген кафелердин кызматын аткара аласыз.
Башка райондордон өзүңүзгө окшогон кулинар сүйүүчүлөр менен кызматташып, тегеректеги кардарларды ал филиалыңыз аркылуу камсыздасаңыз кардарларыңызга тез жана сууй элек тамак жетип турат.

Даамдуу тамактарыңыз, татуу токочторуңуз же ачуу салаттарыңыз менен кардарлардын ашказаны менен бирге көңүлүн дагы таба алсаңыз, той-аштарга кеңири өлчөмдө буйрутмалар дагы түшүп турат. Ал жагы жакшы болуп кетсе, кааласаңыз бир өңчөй чоң буйрутмалар менен иштесеңиз, же жумушуңузду ири буйрутма жана кадимки буйрутма деп экиге бөлүп иштетсеңиз дагы болот.

Бул иш менен курсагы тойгон кардарларга сүйүнүч тартуулай алсаңыз, сүйгөн ишиңиз менен алек болуу сизге сүйүнүч тартуулайт. Ал эми мындай жумуштан адам эч качан тажабайт.

Мен БИЗНЕСМЕН - Баардыгы БИЗНЕС тууралуу
@KG_biznesman
БИЛЛ ГЕЙТСТЕН ЖАШТАРГА 11 КЕҢЕШ

Бир мезгилдерде дүйнөнүн эң бай адамы катары саналып келген Билл Гейтс жаштардын алдында сүйлөп жатып, мектепте үйрөтүлбөгөн, бирок, жашоодо зарыл болгон эң керектүү 11 эрежени айтып кеткен.
Билл Гейтстин бул алтын эрежелерин назарыңызга сунуш кылабыз.
🔹1. Жашоо өзү адилетсиз – бул фактыны эртерээк кабыл алуу керек.
🔹2. Сенин сезимдериң, өзүңдү урматтаганың менен дүйнөнүн кыпындай дагы иши жок. Сенин жеке кадырыңды кабыл алаардан мурда, дүйнө сенден кандайдыр бир жетишкендикти талап кылат.
🔹3. Окууну бүтөөрүң менен сени долларлап акы төлөгөн жумуш күтүп турбайт. Чоң бир компаниянын бир бөлүмүнө жетекчи боло калбайсың. Мунун баарысына сен өзүң жетишиң керек.
🔹4. Сенин мугалимиң катаал, талапты катуу койот деп ойлосоң, - жетекчиң менен таанышып көр. Жетекчиден кийин мугалим майдай жумшак болуп калат, себеби, мугалимден айырмаланып жетекчинин карьерасы сенин жумушту кандай аткарышыңан көз каранды.
🔹5. Базарда токоч жасап сатуу – сенин кадырыңдан төмөн эмес. Ата-бабаларың ушул сыяктуу башка жумуштарды дагы «мыкты мүмкүнчүлүк» деп аташмак.
🔹6. Эгер ишиң оңунан чыкпай калса ата-энеңди күнөөлөгөнгө шашпа. Ар бир ийгиликсиз ишке ыйлактай бербестен алардан сабак ал.
🔹7. Сен төрөлгөнгө чейин ата-энең азыркыдай карыган, көп нерсеге жөндөмсүз болушкан эмес. Алар сенин келечегиң, жашооң үчүн кара терге түшүп, чачын ак аралаган. Ошондуктан, аларга акыл айтып кыйынсынаардан мурун, өз бөлмөңдү, өз кийимиңди тартиптегенге аракет кыл.
🔹8. Сенин мектебиң сынакты канча жолу кайталап берсең дагы ала берет, жашоо болсо антпейт. Мектепти окуганы деле окубаганы деле бүтүрүп, максатына жетет. Мунун баарысынын чыныгы жашоого эч кандай тиешеси жок.
🔹9. Жашоо – чейректерге же семестр дегендерге бөлүнгөн эмес, жана жайкы, кышкы эс алууларга дагы жөнөтпөйт. Өтө аз жумуш берүүчүлөр сенин жеке жашооңо жардам беришет. Жеке жашооңду өзүң, жеке убактыңда курушуң керек.
🔹10. Реалдуу жашоону сыналгыдагы жашоо менен чаташтырба. Жашоодо адамдар көп убактысын кофе ичип эмес жумуш ордуларында өткөрүшөт.
🔹11. «Очкарик-ботаниктер» менен жакшы мамиледе бол. Кийин алар сенин жетекчиң болуп калышы мүмкүн.

Мен БИЗНЕСМЕН - бизнес тууралуу кызыктуу канал
@KG_biznesman
... бирок, алар дайым өзүн өнүктүрүүнүн үстүндө болушкан.
Акылы өнүккөн адам максатына алып баруучу жолдордун баарысын даана көрө алат.

Мен
БИЗНЕСМЕН - бизнес тууралуу кызыктуу канал.
@KG_biznesman
Бизнести кыймылдатып турган чоң күч бул - ЖАРНАМА. Ал эми жарнаманын түрү өтө көп. Салттуу жарнамадан баштап креативдүү жарнамага чейин, алакандай "визиткадан" баштап килейген "билбордко" чейин... Жада калса, айрым учурда адам дагы жарнаманын ролун аткарат.
Кандай болсо дагы жарнаманы болушунча креативдүү, оргиналдуу, таң калыштуу, кээде күлкүлүү кылганга дагы аракет кылышат.

Бул "визитка" фитнес клубтун машыктыруучусуна таандык:
"Машыктыруучу сиздин булчуңдарыңызды анын "визиткасы" чоюлгандай эле чоюп берет".

Мен БИЗНЕСМЕН - бизнес тууралуу кызыктуу канал
@KG_biznesman
ӨНҮГҮҮГӨ ЖЕТЕЛЕГЕН ТОСКООЛЧУЛУК

1997 жылы колледжде окуган достор интернеттен каалаган маалыматты таап бере турган алгоритм жазып чыгышат. Ал убакта интернет жаңыдан жайылып баштап азыркыдай кулачын кенен жая элек мезгил эле. Бул жигиттер мыкты билим алууга аракетин жумшап, колледжди татыктуу бүтүрүү максатын көздөшкөндүктөн ал ишине убакыт табылбай калат. Ошол себептен, алгоритмди ал кездеги интернеттеги ири деп эсептелген Yahoo компаниясына 1 млн долларга сатууну чечишет. Yahoo компаниясы ары сүйлөшүп, бери сүйлөшүп баасын 500 миң долларга түшүргөнү менен акырында сатып алуудан баш тартып койгон. Соодасы болбой калган достор ал ишин улантууга аргасыз болушкан.
Андан бери эчен жылдар өтүп, эки студенттен турган чакан компания дүйнөгө таанылган Google аттуу корпорацияга айланды жана азыркы мезгилде 250 миллиард долларга бааланууда.

Эгер ишиңиз оңунан чыкпай жатса тагдырыңызга таарынгандын ордуна, «Жараткандын планы меникинен миң эсе мыкты» деп билип, баштаган ишиңизди таштабастан уланта бериңиз. Кийин ушундай бир мезгил келет – аркага кылчайып, өткөнгө назар салуу менен анализ кылган учурда, ишиңиздеги же жашооңуздагы болгон сыноолор Сизди көп нерсеге үйрөтүп, акырында чоң жетишкендикке түрткү болгонун, эгер ал сыноо болбогондо азыркы абалга жетпей калмак экениңизди байкайсыз.

Мен БИЗНЕСМЕН бизнес тууралуу кызыктуу канал
@KG_biznesman
Дүйнөнү багындырган ири корпорациялардын дээрлик баардыгы чоң сыноолорду баштарынан кечиришип, кыйын кырдаалды басып өтүшкөн. Дүйнө жүзү каршы туруп, компаниянын тагдыры бычактын мизинде турган маалда дагы өзүнө болгон ишенимин жоготпой, чечкиндүү кадамдарга баруу бир гана күчтүү адамдардын сапаты. Ал эми күчтүү адамдарды кыйын кырдаал жаратат.
Бир мезгилде электр унаасын чыгарууну көздөгөн Илон Маскка далысын салган дүйнө, азыр Илондун космоско учурган ракетасына куштар болуп кубанып жаткан убагы.
https://youtu.be/1b5vzlgdYgY