Штаб КР по COVID-19
7.87K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Ардактуу турист” наамын алууга сынак жарыялады. Бул үчүн өлкөнүн төмөндөгү 10 ажайып жерине барып келүү керек:

1. «Бурана» комплекси
2. «Өзгөн» комплекси
3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси
4. «Сары Челек» коругу
5. Манастын күмбөзү
6. Сан Таш
7. Сказка каньону
8. «Арсланбап» улуттук коругу
9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси
10. «Шах-Фазиль» күмбөзү

Маданият, маалымат жана туризм министри А.Джаманкуловдун айтымында, сынакка катышуу үчүн аталган жерлерден сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү Министрликтин же Туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек, ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларга жарыяласа болот.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб