Штаб КР по COVID-19
7.86K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
1-июнда, ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана өнөктөштөр менен Кыргызстан балдарынын Биринчи онлайн-саммитин өткөрөт 🇰🇬⁣⁣⠀
⁣⁣⠀
Бүтүндөй өлкөдө балдар менен өспүрүмдөр аларды кабатыр кылган актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн онлайн режимде жолугушат. Саммиттин жүрүшүндө үч негизги маселе талкууланат: ⁣⁣⠀
1⃣ Бизди коронавирус эмнеге үйрөттү: карантиндин оӊ таасири жана балдар менен өспүрүмдөр бири-бирине кандай мамиле кылат, жана мугалимдердин, дарыгерлердин жана башка жактардын эмгегин баалоо⁣⁣⠀
2⃣ Балдар коопсуз чөйрөдө жашашы керек: зордук-зомбулук деген эмне, аны кантип алдын алса болот жана Кыргызстандагы зордук-зомбулукту жокко чыгаруу үчүн эмне кылыш керек. ⁣⁣⠀
3⃣ #АныМененБирге: кыздарга тиешелүү негизги көйгөйлөр, гендердик зомбулук жана жаш балдардын никеге турушу⁣⁣⠀
⁣⁣⠀
Кымбаттуу балдар жана өспүрүмдөр! Эгерде силер жогоруда айтылган маселелер боюнча өзүӊөрдүн ой-пикириӊерди билдиргиӊер келсе, Facebook, Twitter же Instagram аркылуу бөлүшсөӊүз болот:⁣⁣⠀
🔹 видео-кайрылуу (максимум 1 минута)⁣⁣⠀
же⁣⁣⠀
🔹 сүрөт тартуу искусствосу аркылуу (тигил же бул теманы чагылдырып турган сүрөт, мини-скульптура)⁣⁣⠀
🔹 @unicefkg деп белгилегенди унутпаӊыз⁣⁣⠀
⁣⁣⠀
Биз сөзсүз ар бир видео жана фотону карап чыгып, мыкты эмгектерди онлайн-саммит учурунда көрсөтүү үчүн тандап алабыз. Сиздердин иштериӊерди чыдамсыздык менен күтөбүз😊