Штаб КР по COVID-19
7.7K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
Кыргызстанда бир жумада 44 миңден ашуун КРВИ жана сасык тумоо учурлары аныкталган

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча мониторингинин негизинде үстүбүздөгү жылдын 50-жумасына (12.12-18.12.22-ж.) карата КРВИ жана сасык тумоонун 44106 учуру катталды, анын ичинде сасык тумоонун 142 учуру лабораториялык тастыкталган.

Аталган департаменттин сунуштамаларынын негизинде Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги № 2742/1 буйрук менен бардык түрдөгү жана формадагы жалпы билим берүү мекемелерин 2022-жылдын 15-декабрынан 24-декабрына чейин онлайн окутууга өткөрдү.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы билим берүүчү жатак-мектептер 16-нан 30-декабрга чейин онлайн окутууга өткөрүлгөн.
Сасык тумоонун, грипп сыяктуу оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо зарыл:

— бет кап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;
— респиратордук гигиенаны сактоо — — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;
— өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;
— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
— балада КРВИ белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз.

🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө
#вакцина2022
#бустер
#covid
#грипп
#иммунитет
#РКИБ
#ОРВИ